Опера жана балет театрынын директоруна жаңы орун басар дайындалды — Кабар

Опера жана балет театрынын директоруна жаңы орун басар дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор 25 ноябрь 2025 12:44
587750545_1145806057711149_3889304389684861856_n.jpg
586257102_1145806234377798_1122436376060304659_n.jpg
587310336_1145806261044462_2952271258697149851_n.jpg
587953931_1145806171044471_5026507054342695470_n.jpg
587970783_1145806074377814_1485557683115659407_n.jpg
588372922_1145806111044477_2940023094264681165_n.jpg
589359116_1145806137711141_8053203860412104667_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 25.11.25. /Кабар/. Каныбек Саяк уулу Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директорунун орун басары кызматына дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Каныбек Саяк уулу — искусство жана маданият тармагында 10 жылдан ашык кесиптик тажрыйбасы бар адис. Ал 1991-жылы 26-мартта Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кочкор айылында төрөлгөн.

Билими:

  • Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы студия — "Элдик ырларды аткаруу" адистиги
  • Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети — "социалдык-маданий ишмердүүлүк (менеджер)".

Эмгек жолу:

  • 2014-2015-жж. — А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры, хор артисти (Бишкек);
  • 2015–2017-жж. — М.Мусулманкулов атындагы музыкалык мектеп, вокал мугалими (Кочкор);
  • 2017–2018-жж. — Ж.Абдыкалыков атындагы маданият үйүнүн алдындагы музыкалык-драмалык театр, актёр (Кочкор);
  • 2018–2022-жж. — Ж.Абдыкалыков атындагы маданият үйү, директор (Кочкор);
  • 2022–2025-жж. — А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театры, хор артисти (Бишкек).