Бүгүн, 16-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырышты.
Буга чейин парламенттин депутаттарын шайлоодо жаңы эрежелерди камтыган мыйзам долбоору коомдук талкуудан өтүп, жактырылган.

Документте көңүл бурган биринчи жана маанилүү жагдай – бул жарандар менен депутаттардын ортосундагы түз байланышты түзүүгө умтулуу аракети. Башкача айтканда, эми ар бир райондо үчтөн эл өкүлү болуп, ишеним мандатын актоо үчүн социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө эл менен баарлашып турушат.
Жогорку Кеңештин өкүлчүлүк функциясы жергиликтүү жана мамлекеттик маанидеги маселелер боюнча көз карашын билдирүү жана талкуулоо, анын жыйынтыктары боюнча мамлекеттик саясаттын аныктоо ролун аткаргандыгында гана эмес, шайлоочуларга аткарылган иштер боюнча дагы отчет берип турушун белгилейт вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев.

“Жогорку Кеңештин депутаттарынын өкүлчүлүктүү ролу алар өз шайлоочулары менен жолугуп, аткарылган иштер жана жетишилген натыйжалар жөнүндө отчет бериши керек дегенди билдирет. Депутаттар шайлоочулар менен байланышта болуу менен бирге калк менен белгилүү иштерди жүргүзө алышат, мисалы шайлоочуларга даректүү жардамдарды көрсөтүү жана алардын конкреттүү социалдык-экономикалык проблемаларын чечүү. Жалпысынан депутаттардын өкүлчүлүк функцияларын аткаруусунун натыйжалуулугу жарандардын алар менен болгон өз ара аракеттенүүсүн кандай кабыл алганынан көз каранды. Шайлоо жана шайлоочулардын добушу Жогорку Кеңешке мыйзам чыгарууга жана башка функцияларды аткарууга, ал эми шайлоочуларга Жогорку Кеңеш кабыл алган чечимдерге алардын тиешеси бар экендигин көрүүгө мүмкүндүк берет.
Сунушталган конституциялык долбоор партиялык тизме боюнча шайлоонун пропорционалдык тутумундагы кемчиликтерди оңдоого багытталган” – деди Нурбек Сыдыгалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев “Кабар” маалымат агенттигине берген комментарийинде шайлоонун жаңы эрежелерине кылдат токтолуп, келечекте шайлоону жарандарыбыз өлкөнүн, өздөрүнүн тагдырын чече турган күн катары кабыл алып, тандоо процессине активдүү катышыш керек деп белгиледи.
“Буга чейин Кыргызстанда ар кандай шайлоо системалары орун алып келген. Бул ирет биринчи жолу Кыргызстандын тарыхында көп мандаттуу можаритардык система каралды. Тагыраак айтканда, бизде бир округдан үч депутат шайланат. Жалпысынан Кыргызстан 30 округга бөлүнөт. Бир округда болжол менен 140 миң шайлоочу бар. Үч мандат дегенибиз, бул биринчи жана экинчи орунду көп добуш менен жеңишке жетишкен эки эркек талапкер. Алар эки мандатка ээ болушат. Ал эми үчүнчүсү, милдеттүү түрдө айымдардын арасынан эң көп добуш алган 1 айым талапкер мандатка ээ болот. Ошентип 30 округдан 3 депутат болгондо 90 депутат болот.
Дагы бир жакшы өзгөчөлүк, депутат өзүнүн мандатын тапшырган болсо, анын ордуна эркектер арасында эң көп добуш алган эркектер, ал эми айымдардын арасынан кийинки көп добуш алган айым мандатка ээ болот. Мындайда Кыргызстанда кайра- кайра шайлоо боло бербейт,- дейт Марлен Маматалиев.
Ал эми саясий партиялар мамлекеттин коомдук-саясий турмушунда маанилүү роль ойносо, анда алар өздөрүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Албетте, бул үчүн жергиликтүү калк менен байланыш түзүп, программаларды өркүндөтүп, аймактарда көрүнүктүү өкүлдөрү болушу зарыл.

Бирок, тилекке каршы, көпчүлүк партияларда мындай иштер парламенттик же аралаш системада жүргүзүлгөн эмес. Алардын көбүнүн кеңсеси, коомдук кабылдамасы жок, болгону шайлоо тизмелери гана бар. Эми өлкөнүн саясий турмушуна катышкысы келсе, партиялар биринчи кезекте калк менен иштөө форматын кайра карап чыгышы керек, себеби, калк гана Жогорку Кеңешке шайланган талапкерге бийликти бере алат.
Саясий партиялардын жаңы мыйзам боюнча шайлоого катышуусу жөнүндө Марлен Маматалиев мындай деди: “Бул мыйзам партия системасын жокко чыгарат дегенден алыс болушубуз керек. Партиялар өзүнүн талапкерлерин округдарга чыгарганга мүмкүнчүлүктөрү бар. Болгону биздин негизги максаттардын бири - ар бир округдун депутаты болуш керек, болгондо дагы бир эмес, үч депутат. Мисалы биздин “Ынтымак” партиябыздын Баткенден депутаты жок болчу
Кыргызстанда дагы бир жагдай бар – бул элдин шайлоого катышуу маселеси акыркы жылдары көйгөйгө айланып барататат. Статистика боюнча шайлоочулардын 20-25 пайызы шайлоого катышып келет. Эл өкүлү шайлоочуларды тандоо процессине активдүү катышуусу үчүн стимул кылууну белгиледи.
“Биз жети облуста жана эки чоң шаарыбызда шайлоо күнү лотерея ойнотууну демилгеледик. Байгеге батир, унаа, айфон жана башка үйдө колдонуучу техникалар коюлат. Ошондо шайлоочулар көбүрөк келип, тандоо процессине катышып, ошол күндү майрам катары көрсө дейбиз. Себеби, ошол күнү өзүнүн тагдырын чечип, келечегин тандап аткандан кийин, сөзсүз түрдө атуулдук милдетин аткарып шайлоого келсин деп аракет кылып жатабыз”,-дейт Марлен Маматалиев.

Дагы бир маанилүү жагдай - бул гендердик принципке пропорционалдуу өкүлчүлүк берүү. Мунун ишке ашкан эрежеси мындай болот: эгерде райондо эки жетекчи орунду эркектер ээлесе, үчүнчү мандат аялга өтөт. Башкача айтканда, бул учурда 30% квота жөнүндө эреже кынтыксыз сакталып иш жүзүнө ашат.
Көптөгөн депутаттар парламентке 30 аялдын катышуусуна кепилдик берген жана округдар боюнча кайра шайлоону жокко чыгарган жобо киргизилгенин мыйзамды колдоого даяр экенин билдиришкен.

"Мен муну колдойм, ар бир райондун өзүнүн өкүлдөрү болушу керек. Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңеште аймактык баланс жок. Бул маселе кайра-кайра көтөрүлгөн. Бир облустан эле бизде 29 депутат бар. Бул туура эмес. Кээ бир райондордо таптакыр шайланган өкүл жок. Тигил же бул маселени көтөрөм деп мага көп каттар келет. Алар бизден депутат жок деп жатышат”,- деген депутат Эльвира Сурабалдиева мыйзам долбоору талкуудан өтүп жатканда.
Депутат Улан Примов “Кабар” маалымат агенттигине берген комментарийинде шайлоодогу жаңы принциптин артыкчылыктарына токтолду. Ал коомдук талкууга коюлган сунуштардын авторлорунун бири болуу менен мыйзам долбоорунун негизги максаты мамлекетти бекемдөө жана жергиликтүү жетекчилердин ролун жогорулатуу экенин баса белгилеген.

“Көп мандаттуу округдун киргизилиши мажоритардык системанын (шайлоочулар менен түз байланыш) жана көп мандаттуу өкүлчүлүктүн артыкчылыктарын айкалыштырат. Бул шайлоону ачык-айкын кылат жана партиялык тизмелердин таасирин азайтат.
Жаңы ыкма депутаттардын партияларга болгон көз карандылыгын жоюуга, саясий коррупцияны азайтууга жана шайланган чиновниктердин жарандардын алдындагы жоопкерчилигин жогорулатууга жардам берет. Ар бир регион парламентте тиешелүү өкүлчүлүккө ээ болот, анткени депутаттар партиялык тизме менен эмес, конкреттүү аймактардан шайланат. Партиялык активисттер адатта борбордо же ири шаарларда топтолгондуктан, Жогорку Кеңеште аймактардын кызыкчылыктары көп учурда жабыркайт.
Анткени, сунушталып жаткан нормаларга ылайык, мандаттарды бөлүштүрүү тигил же бул райондо алган добуштарга түздөн-түз көз каранды болот. Шайлоочулар кимге кайрылууну билишет, депутаттар калк менен байланышты үзбөй, алардын көйгөйлөрүн чече алышат.

Мыйзам эл менен бийликтин ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган, элге депутаттарга таасир этүүнүн реалдуу механизмдерин берип, партиялык монополияны азайтып, жергиликтүү лидерлердин ролун күчөтөт, бул мамлекетти туруктуураак кылат”, - деп жыйынтыктады Улан Примов.
Негизинен жаңы мыйзам парламентти түзүүдөгү кызыктуу, принципиалдуу жаңы ыкмалар камтылган. Депутаттарды көрсөтүү жана аларды шайлоо ачык-айкын жана түшүнүктүү болуп, Жогорку Кеңеш шайлоочуларга жакын болууга шарттар түзүлгөн. Бул мыйзам долбоорунун мисалында Кыргызстанда күчтүү жана элдин алдында жоопкерчиликтүү мамлекет куруу максатын көздөгөн саясий реформалар уланат десек болот.