Ташиев: Жол ичкербейт, жээктеги курулуштун 3-кабаты бузулат

Коом Загрузка... 08 Декабрь 2025 17:19

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 08.12.25 /Кабар/. Old Bishkek долбоорунун негизинде жүрүп жаткан реконструкция иштерине байланыштуу “Чынар” соода борборунун жанындагы жол тарытылбайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн аталган аймакка болгон визитинде билдирди.

Анын айтымында, негизги маселе — бир гана жеке кишинин кызыкчылыгын эмес, шаар тургундарынын жалпы көйгөйүн чечүү болуп саналат.

“Шаардыктардын нааразычылыгына байланыштуу урматтуу президентибиз Садыр Жапаров мага: "Эгерде долбоор кайсы бир адамдын жеке кызыкчылыгына ылайык түзүлүп, элдин кызыкчылыгы эске алынбай калган болсо, баарын өз ордуна келтиргиле’ деп тапшырма берди. Ошондуктан маселени жеке көзөмөлүмө алдым. Эгер долбоордогу айрым жагдайлар бузулган болсо, ага чара көрүү керектигин айтты. ‘Бар, өзүң барып таанышып кел" деди.

Долбоор боюнча жолдун туурасы 20 метр болушу керек болчу, бирок учурда 16 метр болуп калган. Тактап айтканда, 4 метрге тарып кеткен. Долбоор башында кандай болсо, ошондой аткарылышы керек. Ошондуктан жолдогу чөнтөкчөлөрдү алып салгыла. Ж. Абдырахманов көчөсүнөн Шопоков көчөсүнө чейинки жол түп-түз, бир калыпта болушу керек. Эч кандай чөнтөкчө болбошу зарыл. Абдырахмановдон кандай кирсе, дал ошондой абалда Шопоковго чейин чыгышы керек”, — деди ал.

Ташиевдин кошумчалашынча, долбоордун башында 2 кабаттуу деп бекитилген имараттар өз алдынча 3 кабат болуп өзгөртүлгөн.

“Эмне үчүн башында 2 кабат деп бекитилген имарат иш жүзүндө 3 кабат болуп калды? Ар кандай жүйөөлөр менен кошумча кабат куруп койгонсуңар. Эгер чечимде 2 кабаттуу деп белгиленген болсо — ошол бойдон калсын. Үчүнчү кабатты бузгула”, — деди ал.

Ошондой эле ал борбордогу “Айчүрөк” соода үйүнүн алдындагы фонтандар боюнча да пикирин билдирди:

“Фонтан мурда болгон. Азыр да болушу керек. Эл эс ала турган, сейилдей турган аянттар сакталышы зарыл. Долбоордо эмне көрсөтүлгөн болсо — толук аткарылышы керек”, — деди Ташиев.

Ал эл тарабынан айтылган сынга кулак түрүү маанилүү экенин баса белгилеп, эл сын айтпаса, долбоорлор өзүм билемдик менен, ар кимдин каалоосуна жараша ишке ашып кетиши мүмкүн экенин белгиледи.