"Олд Бишкек" эмне үчүн жабылды? Мэр чечимдин себептерин айтты

Коом Загрузка... 15 Июль 2026 17:00
WhatsApp Image 2026-07-15 at 12.57.55.jpeg
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 15.07.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Кабар" агенттигине видео чалуу аркылуу байланышып, "Олд Бишкек" долбоору боюнча кабыл алынган чечимдердин себебин түшүндүрдү.

Анын айтымында, долбоордун инвесторлору курулуш иштерин ушул жылдын февраль-март айларында бүтүрүүгө убада беришкен. Бирок курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө бүтүрбөй, шаар бийлиги койгон талаптарды аткарган эмес. Ошондуктан объект мыйзамдуу түрдө пайдаланууга берилгенге чейин жер алдындагы өтмөктөгү коммерциялык жайлардын иши токтотулат.

"Ошондой эле алгач сунушталган эскиздик долбоор менен курулуп жаткан объекттин ортосунда айырмачылыктар аныкталган", - деди ал.

Мэрдин айтымында, Чүй проспектиси менен Байтик баатыр көчөсүнүн кесилишиндеги курулушту демонтаждоо боюнча талап төрт ай мурда коюлган. Бирок, бул иш бүгүнкү күнгө чейин созулуп келет. Жакынкы араларда инвесторго аны аткаруу үчүн эки жумалык мөөнөт берилгенине карабастан, иштер мөөнөт аяктоого эки күн калганда гана башталган.

"Милдеттенмелерди эки жуманын ичинде аягына чыгарууну алдын ала эскерткенбиз. Андан сырткары, жер өтмөктөгү соода борбору бүгүнкү күнгө чейин расмий түрдө пайдаланууга бериле элек. Ошондуктан бардык кемчиликтер жоюлуп, борбор мыйзамдуу негизде эксплуатацияга кабыл алынгандан кийин гана соода түйүндөрү ачылат деген талапты коюп жатабыз.
Биз ишкерлерди ар дайым колдойбуз. Алар дагы мыйзам алдындагы милдеттенмелерин так аткарышы керек. Бишкек шаарынын тургундарынын жана конокторунун укуктарын да чектебеши керек.
Андан сырткары долбоордун администрациясы курулушту толук бүтүрбөй, шарт түзбөй туруп соода түйүндөрүн ижарага берип жибергени да түшүнүксүз болуп жатат. Ижараны алганы менен шаар алдындагы милдеттенмесин аткарбай жатышат”, - деди Айбек Жунушалиев.

Шаар башчысы белгилегендей, жөө адамдар үчүн жер алдындагы өтмөк мурдагыдай эле ачык бойдон калат. Ошондой эле мэрия буга чейин инвесторго инженердик тармактарды тартуу, суу жана канализация системаларын куруу, трансформатор орнотуу сыяктуу маселелерде колдоо көрсөткөнүн айтты. Ал шаар бийлигинин максаты ишкерлерге тоскоолдук жаратуу эмес, шаар тургундарынын коопсуздугун камсыз кылуу экенин белгиледи.

"Бул жерде эч кандай жеке же саясий кызыкчылык жок. Биз шаар алдындагы милдеттерди аткарып жатабыз. Инвестор бардык талаптарды аткарып, аймакты көрктөндүрүп, объектти мыйзамдуу тартипте пайдаланууга бергенден кийин соода борборунун ишине уруксат берилет", - деп белгиледи ал.

Белгилей кетсек, бүгүн эрте менен Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Олд Бишкек" соода комплексинин аймагында көчмө жыйын өткөрүп, жер алдындагы өтмөктөгү соода жайларынын ишин токтотууну тапшырган.

Маалыматка ылайык, объект техникалык режимде пайдаланууга берилгенине карабастан, расмий түрдө эксплуатацияга кабыл алына элек болчу. Ошондуктан инвестор бардык милдеттенмелерин аткарып, объект мыйзамдуу түрдө пайдаланууга берилгенге чейин коммерциялык жайлардын иши токтотулары белгиленген. Ошондой эле мэр тиешелүү кызматтарга демонтаж жана көрктөндүрүү иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүтүрүүнү тапшырды.

Өз кезегинде "Олд Бишкек" долбоорунун администрациясы жер алдындагы өтмөк шаар тургундарынын коопсуздугу үчүн техникалык режимде ачылганын, ал эми пайдаланууга берүү боюнча документтер учурда мыйзамда каралган жол-жоболордон өтүп жатканын билдирген. Ошондой эле соода жайларынын жабылышы жүздөгөн ишкерлерге терс таасирин тийгизерин белгилеп, жаралган маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырган.