Бишкек, 10.03.26 /Кабар/. Климаттын өзгөрүшүнөн улам келип чыккан жогорку температура, кургакчылык, өрт жана Эль-Ниньо (океан суусунун адаттан тыш жылышы) сыяктуу табигый кубулуштар бири-бирин коштоп, глобалдык кооптуулукту күчөтүүдө. Бул тууралуу корей жана австралиялык окумуштуулардын изилдөөсүнө таянып, Euronews билдирет.
Изилдөөдө белгиленгендей, жыл өткөн сайын кургакчылыктын аймагы кеңейүүдө. Эгер 1980-жылдары мындай көрүнүш дүйнөнүн болжол менен 2,5% жерин гана каптаса, 2023-жылга карата бул көрсөткүч 16,7%га жеткен. Адистер 2024-жылдагы рекорддук ысык жана 2025-жылдагы жылуу климат бул көрсөткүчтү дагы жогорулатышы мүмкүн экенин эскертишүүдө.
Окумуштуулар акыркы 22 жылдын ичинде температуранын кескин көтөрүлүшүнөн кийин пайда болгон кургакчылыктын ылдамдыгы 8 эсеге өскөнүн аныкташты. Учурда планетада аптаптуу ысык басымдуулук кылууда.
Ханъян университетинин климатологу Сан-Ук Йенин айтымында, алгач ысык болуп, андан кийин кургакчылык келсе, түшүмдү сактоо жана суу жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болуп калат. Мындай кубулушту адистер "экстремалдык кургакчылык" деп аташып, ал кадимки кургакчылыкка караганда көбүрөк зыян алып келерин белгилешет.
Буга чейинки бир нече окуялар бул изилдөөнү тастыктайт:
- 2021-жылы Түндүк Тынч океан аймагындагы "жылуулук куполунун" кесепетинен Литтон айылында температура 50 градуска жетип, өрттөр чыккан.
- 2022-жылы Кытайдын Янцзы дарыясынын аймагында жана 2023–24-жылдары Амазонияда рекорддук кургакчылык катталган.
Изилдөө көрсөткөндөй, 2000-жылдан кийин Арктикада жылуулуктун жогорулашы деңиздеги муздардын жана кардын азайышына алып келген.
Окумуштуулар эгер бул тенденция улана берсе, климаттын мурунку калыбына келиши кыйындай турганын билдиришет.
Алдын ала моделдерге ылайык, 2026-жылдын экинчи жарымында жаңы күчтүү Эль-Ниньо башталып, дүйнө жүзүндө кургакчылык менен аптапты дагы күчөтүшү ыктымал.