Бишкек, 28.05.26. /Кабар/. Жердин өз огунда айлануусу буга чейин болуп көрбөгөндөй темп менен басаңдоодо. Бул тууралуу BBC Science Focus сайтына шилтеме берүү менен Lenta.ru жазды.
Алардын маалыматына караганда, Вена университетинин жана Цюрихтеги Швейцариянын Федералдык технология институтунун изилдөөчүлөрү тарыхта Жердин айлануу ылдамдыгы кандай өзгөргөнүн изилдеп чыгышты. Алар океандын түбүндөгү байыркы бир клеткалуу организмдердин ташталган кабыктарынын химиялык курамын талдап, деңиз деңгээлинин өзгөрүшүнүн графигин кайра түзүштү жана муну колдонуу менен планетанын айлануу динамикасын эсептеп чыгышты.
Жыйынтыгында, акыркы 3,6 млн жыл ичинде Жердин айлануу ылдамдыгы азыркыдай тездик менен эч качан басаңдабаганы белгилүү болду.
Эксперттер мунун негизги себеби катары глобалдык жылуулукту аташууда. Уюлдардагы мөңгүлөрдүн эришинен улам океанга куюлган суу экваторду көздөй агып келет. Мындай ири суу массасынын планета боюнча кайра бөлүштүрүлүшү Жердин айлануу ылдамдыгын басаңдатат.
2000-жылдан 2020-жылга чейин биздин күндөр бир кылымда болжол менен 1,33 миллисекундга (мс) узарды.
Мындан сырткары, Кытайдагы "Үч капчыгай" ГЭСинин курулушу Жердеги сутканын узактыгын 0,06 микросекундага узарткандыгы белгиленет.
НАСАнын Годдард атындагы Космостук учуулар борборунун геофизиги Бенджамин Фонг Чаонун эсептөөлөрү боюнча, Янцзы дарыясында мындай эбегейсиз чоң дамбанын пайда болушу биздин планетанын өз огунда айлануусунун басаңдашына алып келген.