Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. Microsoft компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Билл Гейтс жасалма интеллектти (ИИ) туура эмес колдонуу адамзат үчүн олуттуу коркунуч жаратышы мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу BILD басылмасына шилтеме берүү менен Казинформ жазды.
Билл Гейтстин пикиринде, негизги коркунуч жасалма интеллекттин өнүгүшүндө эмес, аны жаман максатта колдонгон адамдарга байланыштуу. Азыркы ЖИ технологиялары татаал киберчабуулдарды уюштурууга жардам берип, биологиялык коопсуздук жаатында да кошумча тобокелдиктерди жаратышы мүмкүн.
Ал эң оор сценарийде мындай технологияларды туура эмес колдонуунун кесепетинен 1 миллиардга чейин адам каза болушу мүмкүн деп эскертти.
Ошол эле учурда Гейтс азыркы ЖИ системалары өз алдынча компьютерлерди басып алып, адамдын көзөмөлүнөн чыгып кетүүгө жөндөмдүү деген пикирге күмөн санайт. Ал технологиянын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн туруктуу көзөмөл жана коргоо механизмдери зарыл экенин белгиледи.
Гейтс жасалма интеллектти өнүктүрүүнү токтотууга чакырган жок. Ал технологияны өнүктүрүү менен катар аны туура эмес колдонуудан келип чыгуучу тобокелдиктерди азайтуу чараларын күчөтүү керектигин айтты.