Окумуштуулар глобалдык жылуулуктун күчөгөнүн тастыкташты

Дүйнө Жүктөлүүдө... 03 Август 2026 09:45
WhatsApp Image 2026-08-03 at 09.06.17.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 03.08.26 /Кабар/. Потсдамдагы Климаттын өзгөрүшүнүн таасирин изилдөө институтунун окумуштуулары глобалдык жылуулук болжол менен 2015-жылдан тартып кескин ылдамдаганын аныкташты. Бул тууралуу Science Daily басылмасына таянып, Известия маалымдады.

Изилдөөчүлөр табигый климаттык өзгөрүүлөрдүн таасирин алып салгандан кийин, глобалдык жылуулуктун узак мөөнөттүү темпи статистикалык жактан ишенимдүү түрдө күчөгөнүн аныкташкан. Акыркы он жыл ичинде Жердин орточо температурасы ар бир он жыл сайын болжол менен 0,35 градуска жогорулаган. Бул көрсөткүч 1880-жылдан берки байкоолор тарыхындагы эң жогорку деңгээл болуп саналат. Ал эми 1970–2015-жылдары температуранын өсүү темпи 0,2 градустан төмөн болгон.

Изилдөөнүн авторлорунун бири Грант Фостердин айтымында, 2015-жылдан бери глобалдык жылуулуктун кескин ылдамдаганы эми илимий жактан далилденди.

Окумуштуулар NASA, NOAA, HadCRUT, Berkeley Earth жана ERA5 маалымат базаларындагы көрсөткүчтөрдү талдап, Эль-Ниньо, жанар тоолордун атылышы жана Күндүн активдүүлүгү сыяктуу табигый факторлордун таасирин өзүнчө эсептеп чыгышкан. Изилдөөнүн жыйынтыгында глобалдык жылуулуктун күчөп жатканы аныкталып, бул корутунду 98 пайыздан ашык тактык менен тастыкталды.

Окумуштуулардын айтымында, эгер Жердин температурасы азыркыдай эле ылдамдык менен жогорулай берсе, анда 2030-жылга чейин Париж келишиминде белгиленген 1,5 градус чек ашып кетиши мүмкүн. Мындан аркы абал өлкөлөрдүн көмүр кычкыл газын атмосферага чыгарууну канчалык азайта алары менен аныкталат.