ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Президент 2423 08 Август 2025 19:46
IMG_20250808_194618_026.jpg
IMG_20250808_194606_343.jpg
IMG_20250808_194606_801.jpg
IMG_20250808_194607_190.jpg
IMG_20250808_194618_358.jpg
IMG_20250808_194606_418.jpg
IMG_20250808_194607_095.jpg
IMG_20250808_194606_407.jpg
IMG_20250808_194606_739.jpg
IMG_20250808_194607_044.jpg
IMG_20250808_194606_931.jpg
IMG_20250808_194606_687.jpg
IMG_20250808_194617_805.jpg
IMG_20250808_194617_897.jpg
IMG_20250808_194618_046.jpg
IMG_20250808_194618_314.jpg
IMG_20250808_194618_323.jpg
Алдыга
Артка
IMG_20250808_194618_026.jpg
IMG_20250808_194606_343.jpg
IMG_20250808_194606_801.jpg
IMG_20250808_194607_190.jpg
IMG_20250808_194618_358.jpg
IMG_20250808_194606_418.jpg
IMG_20250808_194607_095.jpg
IMG_20250808_194606_407.jpg
IMG_20250808_194606_739.jpg
IMG_20250808_194607_044.jpg
IMG_20250808_194606_931.jpg
IMG_20250808_194606_687.jpg
IMG_20250808_194617_805.jpg
IMG_20250808_194617_897.jpg
IMG_20250808_194618_046.jpg
IMG_20250808_194618_314.jpg
IMG_20250808_194618_323.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 08.08.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта Каракол шаарында Ысык-Көл облусу боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгынын жаңы административдик имаратынын ачылыш аземине катышты.

Эски имарат 1956-жылы курулуп, дээрлик 70 жыл пайдаланылган. Анда 10 жумушчу кабинет, ошондой эле нөөмөт бөлүмү жана кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору жайгашкан. Кызматкерлер кыйын шарттарда кызмат өтөөгө аргасыз болушкан, бул белгиленген санитардык талаптарга жооп берген эмес жана кызматтык милдеттерин аткарууда кыйынчылыктарды жаратып келген.

Имарат авариялык абалда деп табылгандыгына байланыштуу, шаардык жарандык коргонуу комиссиясы коопсуздук, ишенимдүүлүк жана иштин натыйжалуу уюштурулушу боюнча талаптарга толук жооп берген жаңы заманбап административдик комплексти куруу жөнүндө чечим кабыл алган.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын техникасын көрүп, кызматкерлердин иштөө шарттары менен таанышты. Садыр Жапаровго эрте эскертүү системасынын иштеши, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар коркунучунда колдонулуучу мониторинг жана чара көрүү механизмдери тууралуу маалымат берилди.

Президент Садыр Жапаров куткаруу кызматтарынын ыкчам чара көрүүгө даярдыгын жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгилеп, ӨКМдин материалдык-техникалык базасын чыңдоо мындан ары да жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болорун баса белгиледи.