СССРдин Эл артисти, кинорежиссёр Төлөмүш Океевдин бейнесине сүртүмдөр
Жайлоонун жашыл шиберинде салкын абадан кере дем алып, адырды беттей жарышка чуркаган жылкылардын дүбүртүн тыңшап, оюн салышкан кулундарга көзү тойбой жаратылыш койнунда эр жеткен уул – улутунун абалтан келе жаткан алп ойлорун, абаны жара таңшыган комуз күүсүн көөнүнө түнөтүп өстү. Ошон үчүн Төлөмүштүн ар бир картинасынан көчмөн элдин турмуш-тиричилиги, каадасы, нарк-насили, баёлугу, кең пейил мүнөзү, омоктуу ойду камтыган философиясы даана көрүнөт. Жылкычынын уулу адеп ааламга жайлоодон туруп көз салган.
Өмүр-өлүм маселеси, салт-санаасы, жаратылышка жасаган астейдил мамилеси, эң жөнөкөй эле күнүмдүк турмушта кездеше калчу майда-барат көрүнүштөрдүн өзүнөн өзөктүү ойду таап чыгып, андан нагыз философияны жарата билген улуу сүрөткер – Төлөмүш Океев!
Океевдин кинолору – көчмөн маданияттын күзгүсү!
Анын тасмаларынан биз – жөн гана кинону эмес, кыргыз элинин жер бетине улут болуп калыптангандан берки көчмөн турмушу менен кошо жашоого философиялык өңүттөн туруп караган дүйнө таанымын тааныйбыз. Ал, кыргыздын улуттук духун жан дүйнөсүнө камыр-жумур кылып жууруп, ажырагыс кылып ширетип жашаган улуу сүрөткер, нагыз даанышман.
Айтылуу “Бакайдын жайыты” картинасы – кыргыз журту жер үстүнөн жок болмоюн дайым кыргыз кинематографиясында сыймык менен аталып, эң алдыңкы сапта тура береринде калет жок. “Бакайдын жайыты” сындуу улуу дүйнөнү буга чейин эч кимиси жарата алган эмес жана мындан ары да өзүлөрүн кыйынбыз деп көкүрөк койгулашкан режиссёрлор эч качан бизге тартуулай албасы айдан ачык. Анүчүн кудум Төлөмүш сындуу жылкылар менен кошо жарыша чуркап, табиятты дал Төлөмүштөй кастарлап, улуттук духту Төлөмүштөй көкүрөгүнө бекем уютуп, анан өз эли менен кошо өзгө элдин философиясын кареги карыккыча тешиле тиктеген окумал, анан даанышман болушу абзел!

Бакайдын бейнеси аркылуу режиссёр бизге өткөн менен келечектин ортосундагы ажырагыс байланышты көрсөтө алды. Океев жаратылыш менен адамдын гармониясын эң бир назик, өтө илбериңки сезим менен сыпаттап, анан ошол эле маалда көркөмдүк менен кошо улуулуктун өзүн чебер сүрөттөй билген. Анан да Төлөмүш Океев дал ошол өткөн кылымдын 60- жылдары маданият жаатына топ-тобу менен келишип, чыныгы искусствонун үлгүлөрүн даана көрсөтө алчу таасын таланттар менен чогуу жүрдү. Алар менен эриш-аркак чогуу иштешти. Бири-бирин толукташты.
“Бакайдын жайыты” тасмасына кудум өзү сыңары жайлоодо өсүп, жылкылардын дүбүртүн тыңшап, кулун-тайлар менен кошо жарышкан кинооператор Кадыржан Кыдыралиевди оператор-коючу катары тандагынын өзү да, бир чоң бакыт болду окшобойбу. Киносүрөтчү Сагынбек Ишенов менен композитор Таштан Эрматов, сахнада лир саналган Муратбек Рыскулов, ажарын дайым нур чалган Алиман Жангорозова, кичинекей Калыктын ролуна өзү режиссёрдук көрөгөчтүк менен тандай билген Насреддин Дубашев айтор, “Бакайдын жайыты” картинасында бардыгы бирдей күүгө келип, бири-бирин ээрчиген чыныгы оркестрди түзө алышты.

Океевдин картиналарынан бойлоруна миң сырды каткан тоолордун толгонуусун, үшкүрүгүн, бийиктигин сезебиз. Ал эми аттардын дүбүртү – өмүр көчү, өлбөстүктүн деми, тирүүлүктүн белгиси.
Боз үй – кыр-кырда үн салышып шайыр-шатман, ыр-күүгө ынак элдин, керек кезде колуна кылыч кармап журт коргошкон кыргыздын баатырдыгын баяндаган, карт тарыхын көз алдыга тарткан, ошол боз үй ичинде түгөнгүс кенчти жараткан кыргыз кылымдарынан кабар берет.
Төлөмүш Океевдин ар бир каарманы — өзүнчө бир доор
“Отко таазим”, “Көк серек”, “Улан”, “Ак илбирстин тукуму” сыяктуу шедеврлеринде ал адамдын ички дүйнөсүнүн тереңдигин, абийир менен намыстын күрөшүн чагылдырган. Режиссёрдун өзгөчөлүгү – ал адамдын трагедиясын да, кубанычын да эч кандай жасалмасыз, болгонун болгонундай бере билет. Ошондуктан анын тасмаларын көргөн ар бир көрүүчү өзүнүн тамырына үңүлүп, өзүнүн ким экенин сезип-туя алат.
Океевдин өнөрүндө чек жок
Анын ар бир тасмасы ааламдын ар кыл бурчунда жашаган адамзатка жетип, дүйнөсүнө дүрбөлөң түшүрүп, ойго салат. Өзү менен кошо жашоонун ак-карасын айра билгенге, өмүр-өлүм, ыйык сүйүү, жашоо үчүн болгон күрөш тууралуу ой толгоого түртөт.

Төлөмүш Океев – кыргыз деген элди кыйырга тааныткан улуу сүрөткер
Качан биз дүйнөлүк кинематография тууралуу сөз козгой келгенде Федерико Феллини, Андрей Тарковский жана япон элинин улуу сүрөткери Акира Куросава тууралуу айтабыз. Ал эми кыргыз кинематографиясы, деги эле түрк тилдүү улуттардын кинематографиясы жөнүндө айта турган болсок, анда а дегенде эле айтылуу Төлөмүш Океевдин ысымын зор сыймык менен атайбыз.
Төлөмүш Океев – кыргыз кинематографиясындагы Акира Куросава
Демек, Төлөмүш Океев – улуттун уңгусуна терең баш багып философиялык өңүттөн туруп караган ойчул, чебер сүрөткер, табият менен кошо жуурулушкан жана өз элин эбегейсиз сүйгөн намыскөй уул.
Качан жана кай жерде болбосун кичи мекени Ысык-Көлдүн касиетин көкүрөгүндө алпештеп, ат дүбүртүн ардактап дүйнөгө дүбүрт таштаган орошон инсан Төлөмүш Океевдин ысымы – ал жараткан ажайып дүйнөлөр менен кошо калкына кайра-кайра салам айтып, тереңдикти сүйгүлө деп жар чакыра бермекчи...