Нью-Йоркто Кыргызстан менен Португалиянын президенттери сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Президент 1462 25 Сентябрь 2025 09:45
552934940_1347662497368381_3891721550305267635_n.jpg
554785362_1347662510701713_4192580840289787036_n.jpg
Алдыга
Артка
552934940_1347662497368381_3891721550305267635_n.jpg
554785362_1347662510701713_4192580840289787036_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 25.09.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 24-сентябрда АКШнын Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Португалиянын президенти Марселу Ребелу де Соза менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Кызматташтыкты тереңдетүү маселелери, ошондой эле эл аралык күн тартибинин негизги аспектилери талкууланды.

Президент Садыр Жапаров көп пландуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде Португалиянын президенти Марселу Ребелу де Соза диалогго даярдыгын билдирди. Ал Португалия эл аралык коопсуздукту чыңдоого багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин ырастап, көп тараптуу эл аралык уюмдардын алкагында кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий өз ара аракеттенүүнү мындан ары да чыңдоого ишеним билдиришти