Бишкек, 02.10.26. /Кабар/. Кыргыз-Россия агрардык университеттеринин консорциуму түзүлгөндөн бери агрардык билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүү аянтчасына айланды. Бул тууралуу III Кыргыз-Россия билим берүү форумунун алкагында Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору Нурзат Тотубаева билдирди.
Анын айтымында, 2024-жылы түзүлгөн консорциумдун географиясы кеңейип, анын курамына Алтай мамлекеттик агрардык университети кошулду. Бул агрардык жогорку окуу жайлардын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө шарт түзөт.
Тотубаева агрардык тармакты өнүктүрүүдө билим берүү, илим жана өндүрүштүн байланышын күчөтүү, жаңы технологияларды киргизүү жана заманбап талаптарга жооп берген адистерди даярдоо маанилүү экенин белгиледи.
Ал ошондой эле Кыргыз улуттук агрардык университетинде илимий потенциалды жогорулатууга багытталган иштер жүрүп жатканын белгилеп, учурда төрт мамлекеттик бюджеттик илимий тема 13 млн сомдон ашык каражатка ишке ашырылып жатканын айтты.