Нурланбек Тургунбек уулу: Мөөнөтүнөн мурда эч кандай шайлоо болбойт

Жогорку Кеңеш Загрузка... 19 Февраль 2025 10:53
1_bq7kVN2.2e16d0ba.fill-800x500.jpg
copyright icon Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Бишкек, 19.02.25. /Кабар/. Мөөнөтүнөн мурда эч кандай шайлоо болбойт. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Төрага Нурланбек Тургунбек уулу билдирди.

Анын айтымында, депутаттар тобу шайлоо системасын өзгөрткөн жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. Бул маселе өлкө жетекчиси менен да макулдашылган.

«Ошол эле учурда парламент таркатылып, күзүндө мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлөт деген кеп бар. Алардын баары куру бекер сөз. Кезексиз же мөөнөтүнөн мурда шайлоолор болбойт. Президенттик да, парламенттик да шайлоолор кийинки жылы өз убагында өтөт. Андыктан, азыркы VII чакырылыштагы парламент ишибизди жигердүү улантып, элибиз үчүн кызмат кыла беребиз», - деди төрага.