Нурдан Орунтаев турак жайларды куруу, социнфратүзүмдү өнүктүрүү жана реновация тууралуу

Маек Загрузка... 31 Июль 2025 16:02
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Кыргызстандын экономикасынын акыркы жылдардагы өсүшү калктын кирешесинин жана турак жайга, кыймылсыз мүлккө болгон суроо-талаптын жогорулашына алып келүүдө. Өкмөт социалдык объектилер, жолдор, көпүрөлөр, аэропорттор сыяктуу инфратүзүмдү өнүктүрүүгө активдүү инвестиция салууда, бул дагы курулуштун көлөмүнүн көбөйүшүнө өбөлгө түзөт. Курулушту стимулдаштырууга багытталган мамлекеттик программалар бар. Анын алкагында турак жай сатып алуу үчүн жеңилдетилген насыялар берилип, бул калкка кыймылсыз мүлк сатып алууну жеткиликтүү кылат.

Жалпысынан алганда өлкөдө жүрүп жаткан ири курулуштар тармактын өсүшүнө жана өлкөнүн инфратүзүмдүн өнүгүшүнө түрткү берген экономикалык, социалдык жана мамлекеттик факторлордун айкалышынын натыйжасы болуп саналат. Белгиленген темптер боюнча Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасында алдыңкы орунда турат.

2-августта Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министирлигинин 100 жылдык мааракеси белгиленет. Майрамды утурлай министрликтин башчысы Нурдан Орунтаев “Кабар” агенттигине маек берди.

Кыргызстанда курулуштун темпи акыркы жылдары бир нече эсеге өстү. Мындай темпке жетүүгө эмне мүмкүндүк берди жана тармак келечекте кандай өнүгөт?

Акыркы бир нече жыл ичинде Кыргызстанда курулуштун темпи чындап эле кыйла тездеди. Турак жай объектилери боюнча республиканын дээрлик бардык аймагында активдүү курулуш жүрүп жатат. Өндүрүштүк багыттагы көптөгөн инвестициялык долбоорлор бар. Мисалы, 2024-жылы 100дөн ашык өнөр жай ишканалары курулган, 2025-жылы 134 өнөр жай багытындагы объектти пайдаланууга берүү пландаштырылууда. Картинаны ачык-айкын элестетүү үчүн, республика боюнча ушул жылдын 6 айындагы маалыматтарга токтололу: 3671 объект пайдаланууга берилди.

2024-жылдын ушул эле мезгилинде 2919 объект пайдаланууга берилген. Социалдык объектилерди ишке киргизүү көлөмү мурунку мезгилдерге салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көбөйдү, бул комплекстүү чаралардын - мамлекеттик колдоонун, уруксат берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнүн, инвестицияларды тартуунун жана жергиликтүү бийлик органдары менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн аркасында мүмкүн болду. Келечекте биз тармакты системалуу түрдө өнүктүрүүнү пландаштыруудабыз: кадрдык потенциалды күчөтүү, курулушту башкаруунун санариптик инструменттерин киргизүү жана энергиянын натыйжалуулугуна жана туруктуу өнүгүүгө көңүл буруу.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) линиясы боюнча да, жеке компаниялар тарабынан да жаңы турак жайлардын активдүү курулушуна барыбыз күбө болуудабыз. Үстүбүздөгү жылы канча чарчы метр пайдаланууга берилүүсү пландаштырылууда?

Учурда МИК тарабынан Ош, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Ысык-Көл, Чүй жана Баткен облустарында турак жайлардын курулушу жүргүзүлүүдө. "Менин үйүм" программасы жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылууга багытталган. Программанын алкагында 2024-жылы жалпы аянты 74 355,26 чарчы метрди түзгөн 1194 батир, ал эми 2025-жылы жалпы аянты 115 163,90 чарчы метрди түзгөн 1977 батир пайдаланууга берилди.

Социалдык инфраструктура жөнүндө өзүнчө сөз кылалы. Кыргызстанда канча мектеп, оорукана жана бала бакча курулуп жатат?

2022-2025-жылдарга республика боюнча социалдык-маданий маанидеги бүткөрүлгөн объекттердин салыштырма анализи, курулуш жана капиталдык оңдоо:

WhatsApp Image 2025-07-31 at 15.56.31.jpeg

Кыргызстанда 2025-жылы социалдык-маданий маанидеги 357 объектилери курулат.

WhatsApp Image 2025-07-31 at 15.59.38.jpeg

Туризм жана курорттук кластерлерди өнүктүрүү багыты боюнча эмне айтууга болот. Бул багытта иштер кандай жүрүп жатат жана кайсы долбоорлорду өзгөчө белгилесе болот?

Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда өлкөнүн тарыхындагы эң ири туристтик долбоорлордун бири – "Ала-Тоо Resort" тоо-лыжа кластеринин долбоорун ишке ашыруу башталды. Комплекс Жыргалаңда курулуп, Борбор Азиядагы эң ири тоо лыжа кластери катары жарыяланган. Долбоор үч негизги зонаны камтыйт — Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук. Курорт кышкы туризмдин борбору гана болбостон, инвестициялардын, жумуш орундарынын жана инфраструктуралык өнүгүүнүн тартуу борбору болуп калат. Долбоорду Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаменти иштеп чыгууда. "Ала-Тоо Resort" долбоору улуттук артыкчылыктуу демилгелердин катарына киргизилген. Аны ишке ашыруу 2028-жылга чейин эсептелген: 2026-жылы биринчи зонасы – Жыргалаң, 2027-жылы – Ак-Булак, ал эми 2028-жылы – Боз-Учук ишке киргизилет. Андан кийин үч зона бирдиктүү инфраструктуралык системага бириктирилет. "Ала-Тоо Resort" – бул туристтик долбоор гана эмес, аймактын экономикалык өсүшүнүн масштабдуу драйвери. Ал инфраструктурага мамлекеттик инвестицияларды жана жеке капиталды активдүү тартууну айкалыштырган өнүгүүнүн жаңы моделин көрсөтөт. Курорт Кыргызстандын кышкы жана жайкы туризмдин глобалдык картасындагы жаңы чекит катары эл аралык имиджин бекемдейт деп күтүлүүдө.

Реновация жөнүндө сөз кылсак. Көптөгөн жарандар, өзгөчө Бишкек шаарынын тургундары, мындай демилгелерден азырынча чочулашат. Аларда компенсация берүү, тең баалуу турак жай аянтын берүү боюнча суроолор бар. Улам пайда болгон маселелер кандай жолдору менен чечилет?

Реновация — бул турак жай имараттарына жана шаар чөйрөсүнө карата көп колдонулуучу нерсени жаңыртуу, жакшыртуу же реконструкциялоо процесси дегенди билдирет.

Ошондуктан, албетте, бул абдан татаал жана сезимтал тема, айрыкча Бишкек сыяктуу чоң шаарлардын тургундары үчүн. Жарандардын негизги коркунучу көбүнчө алар татыктуу компенсация же тең баалуу турак жай алаарына кепилдик болбостон, батирлерин жоготуп алуу коркунучунда. Бул кооптонууларды азайтуу үчүн реновация процессин так жана ачык-айкын уюштуруу маанилүү кадам болуп саналат.

Учурда жаңы турак жай комплекстерин этап-этабы менен куруунун деталдуу механизмдерин камтый турган, ошондой эле жарандарды турак жайдын альтернативдүү варианттарына көчүрүү процессин так аныктай турган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча активдүү иштер жүрүп жатат. Бул мыйзам долбоорунун алкагында көчүрүү адилеттүү жана ачык-айкын ишке ашырыла турган бардык этаптар жана шарттар толугу менен жазылат, бул тургундар менен мүмкүн болгон келишпестиктерди жана түшүнбөстүктөрдү азайтууга мүмкүндүк берет. Негизги басым аянты жана сапаты боюнча турак жайдын теңдигине кепилдик берүүгө, ошондой эле көчүүнү каалабагандарга татыктуу компенсация берүүгө жасалат. Көчүрүүгө байланыштуу бардык маселелер жарандардын пикирин жана сунуштарын эске алуу менен, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын максималдуу коргоону камсыз кылуу максатында талкууланат.

Быйыл бизде курулуш боюнча өзүнчө министрлик пайда болду. Бул тармак экономиканын негизги секторлорунун бири болуп, эң жогорку өсүү темптерине ээ болгондугуна байланыштуу. Бул өзгөрүүлөр сиздин ведомствонун түзүмүнө жана функцияларына кандай таасир эткендиги жөнүндө айтып бериңиз?

Агенттикти министрликке айландыруу курулуш тармагын натыйжалуу башкаруу жана инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн олуттуу кадам болду. Ведомствону реформалоо анын түзүмүнө да, функционалдык багыттарына да таасирин тийгизди. Көзөмөл жана эксперттик блок күчөтүлүп, мамлекеттик көзөмөлдүн жана жөнгө салуунун заманбап механизмдери киргизилип жатат. Процедуралардын ачыктыгына, бюрократиялык тоскоолдуктарды кыскартууга жана долбоорлоо жана курулуш чөйрөсүндөгү укуктук аныктыкты камсыздоого өзгөчө көңүл бурулууда. Жоопкерчиликтин бирдиктүү борборун түзүү курулуп жаткан объектилердин сапатын жана алардын коопсуздук деңгээлин жогорулатууга гана эмес, масштабдуу инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууну тездетүүгө мүмкүндүк берет. Бул өзгөрүүлөрдүн аркасында тармак жеке инвестициялар жана эл аралык кызматташтык үчүн ачык болуп, келечекте экономиканын туруктуу өсүшүн жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртууну камсыз кылат.

Кыргызстанда 2-августта куруучулар күнү белгиленет. Бул дата министрлер кабинетинин токтому менен кабыл алынып, Кыргызстанда биринчи мамлекеттик курулуш органынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган. Кесиптик майрамыңызда кесиптештериңизге эмне каалайсыз?

Бул юбилейлик күнү биз курулуш тармагынын ардагерлерин терең урматтоо жана ыраазычылык менен эстейбиз - анын башталышында турган, оор мезгилдерде өлкөнү калыбына келтирген, өз өмүрүн Мекендин кызыкчылыгы үчүн курулуш иштерине арнаган ардагерлерди. Алардын билими, тажрыйбасы жана берилгендиги адистердин кийинки муундары үчүн ишенимдүү негиз болуп калды. Бардык жерде жаңы курулуштар өсүп, шаарлар жана айылдар өнүгө берсин, ал эми Кыргызстан барган сайын сулуу, заманбап жана жашоо үчүн ыңгайлуу боло берсин!