Норвегиянын жаңы падышасы Хокон VIII болду

Дүйнө 28 август 2026 18:20
WhatsApp Image 2026-08-28 at 15.20.19.jpeg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 28.08.26. /Кабар/. Норвегияда жаңы падыша такка отурду. 53 жаштагы мураскер ханзаада Хокон атасы, падыша Харальд V каза болгондон кийин Хокон VIII деген ысым менен Норвегиянын падышасы болду. Бул тууралуу Казинформ Euronews басылмасына шилтеме берип маалымдады.

Хокондун улуу кызы Ингрид Александра эми мураскер ханзаада наамын алып, тактынын мураскери болуп калды.

Маалыматка ылайык, Хокон акыркы жылдары атасынын ден соолугу начарлаган учурда бир нече жолу регенттин милдетин аткарган.

Хокон Харальд V`тин уулу жана 1991-жылы чоң атасы, падыша Олав каза болгондон кийин тактынын мураскери болгон. Ал Калифорния университетинин Берклидеги кампусунан саясат таануу боюнча бакалавр даражасын, Лондон экономика мектебинен өнүгүү изилдөөлөрү боюнча магистр даражасын алган.

Белгилей кетсек, буга чейин Норвегиянын мурдагы падышасы Харальд V 89 жашында дүйнөдөн кайтканы кабарланган.