Бишкек, 28.08.26. /Кабар/. Норвегиянын падышасы Харальд V 89 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Норвегиянын королдук сарайы маалымдаганын BBC жазды.
Өлкөнүн падышалык үй-бүлөсүнүн расмий маалыматына ылайык, монарх бүгүн, 28-августта саат 06:35те Ослодогу университеттик ооруканада көз жумган.
Харальд V дээрлик эки жума ооруканада дарыланып жаткан. Ага гемолитикалык анемия диагнозу коюлган. Акыркы жылдары падышанын ден соолугунда бир катар көйгөйлөр жаралып, 2003-жылы табарсыктагы рак оорусуна байланыштуу операция жасалган, ал эми 2024-жылы кардиостимулятор орнотулган.
Ал тактыдан баш тартуу мүмкүнчүлүгүн дайыма четке кагып, Норвегиянын парламентинин алдында өмүр бою кызмат кылууга ант бергенин белгилеп келген.
Харальд V 1991-жылы такка отуруп, 35 жылдан ашык убакыт Норвегияны башкарган. Ал Европадагы эң улгайган башкаруучу монарх болуп, өлкөдө кеңири популярдуулукка ээ болгон. Харальд V Норвегияда XIV кылымдан бери төрөлгөн биринчи норвегиялык падыша болчу.