Нооруз: Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары Садыр Жапаровду жана кыргыз элин куттуктады

Президент 2519 21 Март 2026 17:15
1085203482_512_0_2560_2048_1920x0_80_0_0_72d71b0ace895c2d3ac353bb1b41b286.jpg
photo_5328193508545861033_y.jpg
photo_5328193508545861036_y.jpg
photo_5328193508545861042_y.jpg
Алдыга
Артка
1085203482_512_0_2560_2048_1920x0_80_0_0_72d71b0ace895c2d3ac353bb1b41b286.jpg
photo_5328193508545861033_y.jpg
photo_5328193508545861036_y.jpg
photo_5328193508545861042_y.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 21.03.26 /Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

"Жаңылануунун башаты, бакубаттуулуктун жана молчулуктун булагы болгон бул жаркын майрам бүткүл адамзатты жакшы дөөлөттөргө үндөйт. Нооруз – чоң үмүт менен тосулган өзгөчө майрам. Жаңылануунун жаз майрамы боордош элдерге жарык, кут-береке жана кубаныч алып келсин. Биргелешкен аракеттерибиздин аркасында өз ара түшүнүшүүгө негизделген бекем достук жана ынак коңшулук мамиле, ошондой эле Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мындан ары дагы биздин элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн динамикалуу өнүгөт деп ишенем", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

photo_5328193508545861033_y.jpg

Касым-Жомарт Токаев ошондой эле Садыр Жапаровго Кыргызстандын жаркын келечеги жана гүлдөп-өсүшү үчүн багытталган ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине бакубатчылык жана молчулук каалады.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

“Нооруз цивилизациясынын аймагындагы элдер бул терең улуттук-маданий жана тарыхый тамырлары бар, берекелүү майрамды зор кубаныч жана шыктануу, жаркын келечекке болгон жаңы үмүттөр менен белгилешет. Анын бийик баалуулуктары жана бай идеалдары миңдеген жылдар бою биздин элдерди тынчтыкка жана ынтымакка, өз ара түшүнүшүүгө, бирин бири урматтоого жана ишенимге чакырып келет. Тажик-кыргыз достук, коңшулаштык жана өз ара пайдалуу кызматташтык мамилелери бул байыркы майрамдын эң мыкты каада-салттарынын рухунда мындан ары да өнүгүп, чыңдалып, элибиздин жыргалчылыгы үчүн жаңы практикалык мазмун менен байытылат деп ишенем. Ушул кубанычтуу майрам күндөрүндө сизге чың ден соолук жана жогорку мамлекеттик ишиңизге ийгиликтерди, ал эми өлкөңүздүн достук мамиледеги элине бакыт, бакубатчылык, тынчтык, туруктуулук, мындан аркы прогресс жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм”, - деп айтылат телеграммада.

photo_5328193508545861036_y.jpg

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

“Тынчтыкты, ынак коңшулаштыкты, тилектештикти жана табият менен гармонияда жашоону чагылдырган Нооруз майрамы жаңы күндүн, жаңы башталыштын жарчысы. Бул жалпы адамзаттын бай маданий мурасынын ажырагыс бөлүгү катары таанылган, бийик гуманисттик идеалдарды камтыган жаркын майрам элдердин ортосундагы достукту жана биримдикти бекемдөөдө өзгөчө мааниге ээ. Бул сонун майрам сиз жана сиздин өлкөнүн эли үчүн бакыт, кубаныч жана жаңы ийгиликтер менен коштолсун!”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

photo_5328193508545861042_y.jpg