Ноокендеги сел: Калкка ыкчам жардам көрсөтүү, зыянды тактоо тапшырмасы берилди

Кырсык Жүктөлүүдө... 14 Июль 2026 11:30
746147578_2136163107250942_1500153921479539865_n.jpg
746209345_2136163603917559_8612538925301447944_n.jpg
746284182_2136163233917596_830137556162355443_n.jpg
746320144_2136163500584236_2405672080683037460_n.jpg
747160998_2136163240584262_7173690997442098251_n.jpg
747744060_2136163460584240_120042608998670135_n.jpg
747744238_2136163343917585_6459416904943923684_n.jpg
747753063_2136163117250941_6247214125511450639_n.jpg
744783344_2136163413917578_7823983735444186812_n.jpg
744994413_2136163597250893_6691025790159507968_n.jpg
745644273_2136163663917553_1429021476201039298_n.jpg
745812109_2136163660584220_1869503498581129306_n.jpg
745940754_2136163397250913_6748632476686798227_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Ноокен районунда селден жабыркаган аймактарды жеринен кыдырып, кырдаал менен таанышты.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, облус башчысы сел кирген турак жайларды жана социалдык объектилерди көрүп чыгып, жүргүзүлүп жаткан тазалоо иштеринен кабар алды. Ал тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерине селдин кесепеттерин мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө жоюу, калкка ыкчам жардам көрсөтүү жана келтирилген зыянды тактоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, 13-июлда саат 19:30 чамасында Ноокен районунда жааган нөшөрлүү жаандын кесепетинен сел жүрүп, 417 турак үйдүн короосун суу каптаган. Анын ичинен 80 турак үйдүн ичине сел суусу кирген. Мындан сырткары, 4 коомдук тамактануучу жай, 5 унаа оңдоочу жай, 2 унаа жуучу жай, 1 мечит жана 1 бала бакчанын короосу селден жабыркаган.

Селдин кесепеттерди жоюу иштерине райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан 350 кызматкер, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 101 куткаруучу тартылып, жалпы 451 адам иштеп жатат.

Ошондой эле 22 оор инженердик техника менен турак жайлардын, көчөлөрдүн жана социалдык объектилердин аймактарын сел калдыктарынан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.