Ноокенде эс алуу жайларында экологиялык мыйзам бузуу аныкталды

Укук тартиби 125 12 Август 2026 09:10
WhatsApp Image 2026-08-12 at 08.50.14.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-12 at 08.50.16.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-12 at 08.51.37.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-12 at 08.50.13.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-08-12 at 08.50.14.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-12 at 08.50.16.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-12 at 08.51.37.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-12 at 08.50.13.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 12.08.26. /Кабар/. Ноокен районунда эс алуу жана тамактануу жайларында экологиялык талаптардын сакталышын текшерүү үчүн рейд өткөрүлдү.

Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришкендей, рейд учурунда таштандыларды Алаш сайына төгүү жана тиричилик калдыктарын өрттөө фактылары аныкталды.

Мыйзам бузуулар боюнча 2 административдик протокол түзүлүп, жалпы 35 миң 550 сом айып пул салынды.

Мындан тышкары, жайлардын ээлерине таштандыны белгиленбеген жерлерге төкпөө, калдыктарды өрттөөгө жол бербөө жана айлана-чөйрөнү таза кармоо боюнча эскертүү берилди.

Аныкталган таштандылар тазаланып, аймактар иретке келтирилди.