Ноокатта арыктар ашар ыкмасы менен тазаланууда

Аймак 1138 08 Апрель 2026 09:40
667429452_122208591704341273_11007664052449777_n.jpg
668846474_122208591644341273_8576895185035072537_n.jpg
667587300_122208591602341273_3961393228718016241_n.jpg
Алдыга
Артка
667429452_122208591704341273_11007664052449777_n.jpg
668846474_122208591644341273_8576895185035072537_n.jpg
667587300_122208591602341273_3961393228718016241_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 08.04.26. /Кабар/. Ноокатта райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан ички арыктарды тазалоо иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган иштер жергиликтүү тургундардын катышуусу менен ашар ыкмасында тазаланууда.

"Бул демилге жазгы сугат мезгилине даярдык көрүү жана сугат суусун үнөмдүү, натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу максатын көздөйт. Учурда тазалоо иштери райондун бир катар айыл аймагында улантылып, арыктардын өткөрүмдүүлүгүн жакшыртуу, суунун жоготуусун азайтуу жана айыл чарба жерлерин өз убагында сугарууга шарт түзүү багытында маанилүү иштер аткарылууда",-деп айтылат маалыматта.