“Nomad Fest” фестивалы жыйынтыкталууда

Көчмөндөр оюндары-2026 5 сентябрь 2026 19:45
95c42bf2-d438-4f60-b1d9-6aa1b30bde0b.jpeg
dc04170a-eaf5-4a32-be69-9a4bd4b5f69e.jpeg
95c42bf2-d438-4f60-b1d9-6aa1b30bde0b.jpeg
9ea24325-642a-4943-b817-5f9c77e927e5.jpeg
8eaef2b6-b30e-4b32-b016-26c2c40404c1.jpeg
0a339dfa-69d8-46a1-9e46-c6e3f5d2a491.jpeg
5ec162c4-045c-47ca-8cc5-c7addf1c0467.jpeg
fd076abf-4506-4677-8557-54300dff3787.jpeg
ae356dd5-bb32-4721-a08d-cc321a52a2b7.jpeg
Алдыга
Артка

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 05.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Бостери айылындагы “Дордой-Номад” эс алуу борборунда өткөн “Nomad Fest” эл аралык музыкалык-этнографиялык фестивалы жыйынтыкталууда.

Фестивалдын ачылыш аземи 2-сентябрда болуп, ага дүйнөнүн 62 өлкөсүнөн келген өкүлдөр катышты. Иш-чара көчмөн элдердин маданиятын, салт-санаасын, чыгармачылыгын жана музыкалык мурасын тааныткан эл аралык маданий аянтчага айланды.

Фестиваль төрт негизги багытта өткөрүлдү. Алар — кол өнөрчүлүк, этномода, этнобий, ошондой эле вокалисттер дуэтинен турду.

Иш-чаранын жүрүшүндө улуттук кол өнөрчүлүктүн үлгүлөрү көрсөтүлүп, дизайнерлер салттуу элементтерди заманбап мода менен айкалыштырган кийимдерин тартуулашты. Ошондой эле этнобийлер аткарылып, вокалисттердин музыкалык чыгармалары көрүүчүлөргө сунушталды.

Мындан тышкары, “Көчмөн жылдыз” чыгармачылык сынагы өтүп, ага ар кайсы өлкөлөрдөн келген таланттуу аткаруучулар катышты. Фестивалдын алкагында чыгармачыл топтордун концерттик программалары тартууланып, улуттук музыка жана заманбап этноөнөр көрсөтүлдү.