Ысык-Көл, 05.09.26 /Кабар/. “Nomad Fest” маданияттардын диалогуна айланган фестиваль болду. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков фестивалдын жабылыш аземинде билдирди.
Анын айтымында, аталган иш-чара VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 2–5-сентябрь күндөрү “Дордой-Номад” маданий-этнографиялык комплексинде өтүп, төрт негизги багытты камтыды.
“Быйылкы фестиваль дүйнөнүн 62 өлкөсүнүн өкүлдөрүн бир жерге топтогон, ар түрдүү маданияттар, салттар жана чыгармачылык багыттар жолуккан ири эл аралык маданий аянтчага айланды. “Nomad Fest” фестивалынын программасы төрт негизги багытты — кол өнөрчүлүк, этно-мода, этно-бий жана вокалисттер дуэтин камтыды.
Бул багыттардын ар бири дүйнө элдеринин бай маданий мурасын өзүнө таандык өзгөчөлүгү менен ачып көрсөттү. Фестивалдын төрт багыты боюнча чыгармачылык сынактар өткөрүлүп, катышуучулар өздөрүнүн жогорку чеберчилигин, чыгармачылык дараметин жана улуттук салттарга болгон терең урмат-сыйын көрсөтө алышты.
Эң башкысы — бул фестивалдын чыныгы жеңүүчүсү маданияттын өзү болгонун белгилеп кетким келет. Ар бир катышуучу дүйнөлүк чоң маданий диалогдун бөлүгүнө айланды. Бул иш-чаранын, бул жолугушуунун дал ушул жерде, меймандос Кыргызстан жергесинде өткөнү биз үчүн өзгөчө чоң мааниге ээ.
Кымбаттуу катышуучулар, сиздер Кыргызстанга маданиятыңыздарды таанытуу үчүн келдиңиздер. Бирок бүгүн бул жерден жаңы тааныштар, жаңы идеялар, чыгармачылык байланыштар жана кыргыз тоолорунда, меймандос элибиздин арасында өткөн өзгөчө жолугушуунун жаркын элестери менен кайтып барасыздар.
Достугубуз бекемделе берсин! “Nomad Fest” маданияттын, салттын, чыгармачылыктын жана достуктун, ошондой эле жалпы элдердин биримдигинин майрамы болуп кала берсин”, — деди Союзбек Надырбеков.