Өнүгүү мамлекеттин гана эмес, ар бир жарандын салымы менен ишке ашат – президент

Президент 10 октябрь 2026 21:45
IMG_8688.jpeg
IMG_8689.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_8688.jpeg
IMG_8689.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 10.10.26. /Кабар/. Өнүгүү мамлекеттин колдоосу менен эмес, ар бир жарандын салымы менен ишке ашат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чүй облусунун 100 жылдыгын белгилөө аземинде билдирди.

Мамлекет башчысы салтанаттуу жыйында сүйлөгөн сөзүндө Чүй облусунун өлкө тарыхындагы, экономикасындагы жана маданиятындагы ордуна токтолуп, алдыдагы пландарга жана милдеттерге кеңири токтолду.

“Максаттарды ишке ашыруу үчүн ар бирибиз өз салымыбызды кошолу. Анткени облустун өнүгүүсү — бир гана мамлекеттин колдоосунан эмес, ар бир жарандын кошкон салымы менен да ишке ашат”, — деп баса белгиледи президент Садыр Жапаров.