Бишкек, 15.09.26 /Кабар/. Непалда 26-августта болгон ири суу ташкындан кийин 607 чет элдик турист дайынсыз болууда. Бул тууралуу Nepal News порталына таянып, ТАСС билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, дайынсыз болгондордун 329у аял, 269у эркек. Ал эми тогуз адамдын өздүгү азырынча аныктала элек.
Дайынсыздардын арасында Индиянын 189, АКШнын 65, Малайзиянын 55, Украинанын 54 жараны бар. Ошондой эле Кытайдын 37, Австралиянын 33, Латвиянын 33, Улуу Британиянын 33 жана Канаданын 30 жараны байланышка чыга элек.
Учурда 310 чет элдик жаран куткарылды. Алардын 258и эркек, 52си аял.
Августтун аягында Непалдын түндүгүндө ири суу ташкыны катталып, анын кесепетинен 1,4 миңге жакын адам каза болгон. Кырсык Кытай менен чек арага жакын аймакта болгон көчкүдөн кийин башталган. Тоо тектеринен турган агын суу 70 чакырымдан ашык аралыкты басып өтүп, бир катар калктуу конуштарды талкалап, аймактарды суу каптаган.
Акыркы маалыматтар боюнча, Непалда кырсыктан кийин жалпы 5 миңге жакын адам дайынсыз болууда.