Непалдагы сел: Каза болгондор менен дайынсыз жоголгондордун саны көбөйдү

Дүйнө 9 сентябрь 2026 12:55
Непалдагы сел: Каза болгондор менен дайынсыз жоголгондордун саны көбөйдү
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Непалдагы селден каза болгондордун саны 1 367ге жетти.

ТАСС агенттиги билдиргендей, дагы 5 132 адам дайынсыз болууда.

Эскерте кетсек, 26-августта Непалдын чек арага жакын аймагында мөңгү урап, анын кесепетинен күчтүү сел жүргөн.

Табигый кырсык көп сандаган адамдын өмүрүн алып, аймакта олуттуу кыйроолорго алып келген.