Кытай – Непал чек арасындагы сел: 1300дөн ашык адам дайынсыз болууда

Дүйнө 27 август 2026 14:30
Кытай – Непал чек арасындагы сел: 1300дөн ашык адам дайынсыз болууда

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 27.08.26. /Кабар/. Непал менен Кытайдын чек арасында болгон ири селден кийин эки өлкөдө 1,3 миңден ашык адам дайынсыз деп катталды. Бул тууралуу Казинформ жазды.

Кытайдын Сицзан автономдуу районунда селден 3 адам каза болуп, 558 адам дайынсыз болууда. Алардын 260ы чет өлкөлүк жарандар.

Ал эми Непалда кеминде 162 адам каза болуп, 826 адам дайынсыз деп маалымат берилди. Дайынсыздардын арасында 466 чет өлкөлүк жаран бар.

Кырсык 26-августта Непал менен Кытайдын чек арасына жакын аймакта болгон. Учурда эки өлкөдө тең издөө-куткаруу иштери улантылууда.