Непалда кайрадан сел жүрүп, 5 адам дайынсыз болууда

Дүйнө 12 октябрь 2026 15:30
Непалда кайрадан сел жүрүп, 5 адам дайынсыз болууда
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Непалдын түндүгүндөгү Горкха районунда Будхи-Гандаки дарыясынын нугунан ашып кетишинен улам сел жүрүп, үйлөр жана көпүрөлөр кыйрады. Бул тууралуу Казинформ агенттиги кабарлады.

Кырсыктын кесепетинен беш адам дайынсыз болуп, жакынкы калктуу конуштардын тургундары коопсуз жайларга эвакуацияланды.

Непалдын тиешелүү органынын маалыматына ылайык, сел айрым калктуу конуштарды суу каптоого алып келген. Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдиришинче, кырсыктан кийин 5 адам менен байланыш түзүү мүмкүн болбой, издөө-куткаруу иштери уланууда.

Селдин так себеби азырынча аныктала элек. Бирок Спутниктен тартылган сүрөттөр кырсык болгон аймакта жер көчкү жүргөн болушу мүмкүн экенин көрсөтүүдө.

Эске салсак, 26-августта Непалдын Кытай менен чектешкен аймагындагы Расува районунда да сел жүрүп, ондогон көпүрө талкаланып, жолдор жабыркаган. Издөө-куткаруу иштерине тик учактар тартылган.

АКШнын Геологиялык кызматы алгач кырсыктын алдында жер титирөө болгонун билдирген. Кийин адистер магнитудасы 5,2 болгон сейсмикалык окуя мөңгүнүн кулашынан улам келип чыкканын такташкан. Катмандуда жайгашкан Тоолуу аймактарды комплекстүү өнүктүрүү боюнча эл аралык борбордун эксперттери да селди мөңгүнүн бөлүктөрүнүн ажырап кулашы менен байланыштырышкан.

Маалыматка ылайык, Непалдагы суу ташкындарынан жалпы 1 455 адам каза болгон.