Кытайда суу ташкындан каза тапкандардын арасында кыргызстандыктар жок

Коом 27 август 2026 18:40
WhatsApp Image 2026-08-27 at 15.36.12.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 27.08.26. /Кабар/. Кытайда суу ташкындан каза тапкандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги кырдаалга туруктуу негизде көз салып, Кытайдын тиешелүү мамлекеттик органдары менен байланышта болууда. Ошондой эле кыргыз жарандары боюнча маалыматтарды тактоо иштерин улантууда.

Суроолор жаралган же консулдук жардамга муктаждык болгон учурда жарандар төмөнкү ыкчам байланыш телефондоруна кайрыла алышат:

  • Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти: +996 999 312 002
  • Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги: +86 130 0190 4346

Эске салсак, 26-августта Кытайдын Тибет автономиялуу районунун Шигадзе шаарына караштуу Цзилун уездинде сел жүрүп, табигый кырсык катталган.

Кытайдын алдын ала маалыматы боюнча, табигый кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болуп, 558 адам дайынсыз жоголгон, 2 адам куткарылган. Учурда кырсык болгон аймакта издөө-куткаруу иштери улантылып, каза болгондордун, жабыркагандардын жана дайынсыз жоголгондордун саны такталууда.