Непалдагы ири жер көчкүнүн себеби климаттын өзгөрүшү болушу мүмкүн

Дүйнө 18 сентябрь 2026 09:20
Непалдагы ири жер көчкүнүн себеби климаттын өзгөрүшү болушу мүмкүн

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 18.09.26. /Кабар/. Климаттын өзгөрүшү Непалда жакында болгон ири сел менен жер көчкүгө себеп болушу мүмкүн. Табигый кырсыктын кесепетинен 1 403 адам каза болуп, 6 миңден ашууну дайынсыз болууда. Бул тууралуу ТАСС жазды.

Лондондогу Империал колледжинин изилдөөсүнө ылайык, мөңгү ураганга чейин аймактагы абанын температурасы адаттан тыш жогору болгон. Анын кесепетинен төмөн жайгашкан өрөөнгө болжол менен 110 млн куб метр кар жана муздан турган кар көчкү түшкөн.

Бул ири көлөмдөгү кар менен муздун түшүшү дарыяларда болуп көрбөгөндөй күчтүү ташкындарды жаратып, төмөнкү агымдагы калктуу конуштарды каптаган.

“Климаттын өзгөрүшүнө дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө көмүр, мунай жана газдын көп колдонулушу таасир этүүдө. Мунун кесепетин Непалдагы адамдар да тартып, азыр өз өмүрү менен төлөп жатышат”, — деген колледждин климатологу, профессор Фридерике Отто.

Окумуштуулардын айтымында, мындай масштабдагы тоо тектеринин кыймылы орточо эсеп менен миңден 10 миң жылда бир жолу боло турчу сейрек көрүнүш. Изилдөөчүлөр кырсыкка бир нече фактордун айкалышы себеп болгонун, ал эми атмосферанын парник газдары менен булганышынан улам ондогон жылдар бою күчөгөн жылуулук кырдаалды ого бетер татаалдаштырганын белгилешет.

Акыркы маалыматтар боюнча, дайынсыз жоголгондордун саны 6 миң 150 адамды түзөт. Алардын арасында 600дөн ашуун чет элдик жаран бар.

Куткаруучулар урандыларды жана суу каптаган аймактарды тазалоо иштерин улантууда. Акыркы жумаларда 13 миң 700дөн ашуун адам куткарылган.

Эскерте кетсек, август айынын аягында Непалдын түндүгүндө катуу сел жүргөн. Кырсыкка Кытай менен чек арага жакын жерде болгон кар көчкү себеп болгон. Тоо тектеринин жана суунун агымы дарыянын нугу менен 70 чакырымдан ашык аралыкты басып өтүп, калктуу конуштарды талкалап, аймактын көп бөлүгүн суу каптаган.