Бишкек, 28.08.26. /Кабар/. Непалдагы кыйратуучу суу ташкынынан каза болгондордун саны 359 адамга жетти. Дагы 1,4 миңден ашуун адам дайынсыз болуп, издөө-куткаруу иштери уланууда. Бул тууралуу Reuters агенттигине таянып, Казинформ маалымдады.
Каргашалуу окуя күн мурун Непал менен Кытайдын чек арасына жакын аймакта болгон. Гималай тоолорунда мөңгүнүн урашынан кийин суу, муз, ылай жана таштар өрөөндөрдү каптап, калктуу конуштарга жеткен. Табигый кырсыктын кесепетинен үйлөр, жолдор, көпүрөлөр жана башка инфраструктуралык объектилер талкаланган.
Акыркы маалыматтар боюнча, Непалда кеминде 359 адам каза болгон. Ошондой эле Тибетте үч адамдын өмүрү кыйылган. Непал менен Кытайда жалпысынан 1,4 миңден ашуун адам дайынсыз деп эсептелүүдө. Алардын арасында ар кайсы өлкөлөрдөн келген туристтер жана зыяратчылар да бар.
Көптөгөн чет элдик жарандар Непал аркылуу Тибеттеги индустар жана буддисттер үчүн ыйык саналган Кайлаш тоосуна бара жаткан. Табигый кырсык Непал менен Кытайдын чек арасындагы Гиронг өткөрмө бекетинин аймагына да таасирин тийгизген.
Куткаруучулар дайынсыз жоголгондорду издөө иштерин улантууда. Бирок кыйраган жолдор менен көпүрөлөр, ошондой эле тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактар куткаруу иштерин кыйындатып жатат. Жабыркагандарды эвакуациялоо жана гуманитардык жардам жеткирүү үчүн тик учактар тартылган.
Башында кырсык жер титирөөдөн улам болушу мүмкүн деген маалыматтар тараган. Бирок АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматына ылайык, катталган сейсмикалык сигнал жер титирөөдөн эмес, мөңгүнүн урашынан жана андан кийинки селден улам пайда болгон.
Адистердин айтымында, мөңгү жана тоо тектери Лхенде дарыясынын нугун убактылуу бөгөп калган. Табигый тосмо бузулгандан кийин топтолгон суу чоң күч менен ылдый карай агып, кыйратуучу селди пайда кылган.