Непалда жер көчкүдөн каза болгондордун саны 1 386га жетти

Дүйнө 14 сентябрь 2026 08:50
Непалда жер көчкүдөн каза болгондордун саны 1 386га жетти

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 14.09.26 /Кабар/. Непалда Кытай менен чектеш аймакта болгон ири жер көчкүдөн каза болгондордун саны 1 386га жетти. Бул тууралуу Кытайдын Борбордук телеканалына таянып, ТАСС билдирди.

Буга чейин кырсыктан 1 374 адам каза болгону маалымдалган. Мындан тышкары, 5,1 миңден ашуун адам дайынсыз болууда.

Кырсык 26-августта эртең менен Непалдын түндүгүндө, Кытай менен чектеш аймакта болгон. Бийик тоолуу аймактагы кар көчкү дарыянын нугун тосуп, ири көлөмдөгү суу ташкынына алып келген. Натыйжада тоо тектеринен турган күчтүү агым 70 чакырымдан ашык аралыкты басып өтүп, кеңири аймакты суу каптаган.

Кытайда да кырсыктан 43 адам каза болуп, 519 адам дайынсыз болууда.