Бишкек, 26.08.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Rhenus Assets & Services GmbH & Co. KG компаниясынын аткаруучу директору - Rhenus SE компаниянын башкармалыгынын ыйгарым укуктуу өкүлү Генрих Керстгенс менен жолукту.
Жолугушуу "Кыргызстандагы Германия экономикасынын күнү" кыргыз-герман бизнес форумунун жана кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин IV отурумунун алкагында өттү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар инвестициялык кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн, Кыргызстанда соода-логистикалык инфраструктураны куруунун келечегин талкуулашты.
Министрлер кабинетинин төрагасы компания менен кызматташууга даяр экенин белгилеп, Германиянын алдыңкы тажрыйбасына, технологияларына жана инвестицияларына кызыкдар экенин билдирди.
Өз кезегинде Rhenus Assets & Services GmbH & Co. KG компаниясынын аткаруучу директору - Rhenus SE компаниянын башкармалыгынын ыйгарым укуктуу өкүлү Генрих Керстгенс өлкөнүн логистикалык инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча кызматташууну түзүүгө кызыкдар экендигин ырастады.