Назира Аалы кызы “Манас” улуттук академиясынын президенти болду — Кабар

Назира Аалы кызы “Манас” улуттук академиясынын президенти болду

Кадрлар жана дайындоолор 1 декабрь 2025 16:35
592922997_851447600915402_1314814920347992077_n.jpg
WhatsApp_Image_JV020ff.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
592922997_851447600915402_1314814920347992077_n.jpg
WhatsApp_Image_JV020ff.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 01.12.25 /Кабар/. Назира Аалы кызы "Манас" улуттук академиясынын президенти болуп дайындалды.

Академиядан билдиришкендей, жаңы президентти жамаатка президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысынын орун басары, саясатты иштеп чыгуу, реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаев тааныштырды.

Жыйындын жүрүшүндө Октябрь Капалбаев Назира Аалы кызынын коомдук руханий агартуучулук тармагындагы тажрыйбасын белгилеп, жаңы жетекчиге ишеним артаарын билдирди.

Өз кезегинде Назира Аалы кызы жамаат менен биргеликте академиянын ишмердүүлүгүн жаңы деңгээлге көтөрүү ниетин ачыктады.