Күнүмдүк муктаждыгын жабуу үчүн насыя алууну адатка айланткан көрүнүш көп үй-бүлөлөр үчүн көнүмүш болуп бараткандай. Президент Садыр Жапаров Кеминде эл менен жолугушууда үй куруу же оңдоо үчүн банктардан насыя албоого чакырганы коомчулукта талкуу жаратты. Мында насыя алууну өнөкөт кылгандардын каржылык сабаттуулугу эле эмес, мамлекеттин акча-кредит саясаты, калктын реалдуу кирешеси жана банктардын жоопкерчилиги боюнча да олуттуу суроолор бар.
Карызга баткан калктын көйгөйү
Президент Садыр Жапаровдун Чүй облусунун Кемин районундагы жолугушуусунда банктардан насыя алуу кыйынчылыгы боюнча маселе бир нече ирет көтөрүлдү. Айрыкча Кемин районундагы пенсионерлердин бири үйүн оңдоп-түзөө үчүн насыя алууга аргасыз болуп жатканын айтканы коомчулуктун көңүлүн бурду.
Жарандардын кайрылуусу боюнча президент насыя алууда аны кайтаруу мүмкүнчүлүгүн эсептөөнү эскертип, үй куруу же оңдоо үчүн банктардан насыя алуудан караманча карманууга чакырды:
"Ушундайды токтотпойсуңарбы, эгерде бизнесиңиз болсо, тапкан акчадан ашыкча түшсө, ошондо ремонт кылгыла, болбосо жылуулап алып эле ремонту жок жашап туруш керек. 31% менен насыя алып үй салайын дедиңизби, муну мунай менен иштесеңиз дагы актабайт. Бекер акча эмес да, акча акчаны тууш керек. Жарымын төксөң дагы жарымы чөнтөккө түшүш керек. Бизнес кылсаңыз дагы андай пайда таппайсыз, мунай менен алектенсеңиз дагы ошончолук пайда бербейт. Билбей туруп эмнеге аласыз насыя, мага 15% менен берсе дагы албайт элем", — деди Садыр Жапаров.
Мамлекет башчысынын жүйөсү түшүнүктүү, киреше алып келбеген мүлккө жогорку пайыз менен карыз алуу үй-бүлөнүн финансылык абалын оорлотуп, күрөөдөгү турак жайынан ажырап калуу коркунучун жаратышы мүмкүн.
Бирок бул маселеге бир жактуу кароого да болбойт. Анткени бүгүнкү күндө көпчүлүк адамдар насыяны кымбат буюм-тайым сатып алуу үчүн эмес, жашоодогу эң жөнөкөй муктаждыктарын жабуу же шашылыш керектөөсү үчүн алып жатышат.
Үйүнүн тамчы аккан чатырын оңдоо, ичи-тышын жылуулоо, суу түтүктөрүн алмаштыруу, балдарына шарт түзүү же көп жылдан бери бүтпөгөн үйүн толук куруп, жашоого ыңгайлаштыруу сыяктуу көр тиричиликтин баары адамдын турмуштук муктаждыктарына кирет эмеспи. Анан калса, кокустан ооруп калса же башка бир турмуштук көйгөйлөр жаралса, оңойдой көрүнүп, банктардан ылдам насыя ала койгон учурлар өнөкөт адатка айланууда. Ошол эле кезде жаандан кийинки козу карындай жайнаган банктар да, улам бир керектөө насыяларын сунуштап, жарнамалаган маркетингдик жүрүштөр да үстөмдүк кылууда.
Демек, суроо насыя алууда гана эмес, аларды үстөккө-босток сунуштаган банктардын коммерциялык кызыкчылыгы менен да байланышкан. Анткени өзүнүн тапкан кирешеси аркылуу муктаждыктарын өз алдынча камсыздай албай жаткан жарандар жогорку пайыздык насыяларды алып, кайрадан эле финансылык абалын улам оорлоштуруп алган учурлар коомдун кайсы бир катмарынын эң башкы көйгөйүнө айланууда.
Кымбатчылык жана кирешенин жетишсиздиги
Кыргызстанда оңой насыя берчү микрокредиттик уюмдар бар. Сунушталган насыяларды алуу үчүн кайрылгандардын саны кескин көбөйгөн. Бул жагдай коомдогу финансылык абалдын маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири болуп калды. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын биринчи кварталында эле микрокредиттик уюмдар 23 миллиард сомдон ашуун насыя беришкен. Карыз алуучулар саны өлкө боюнча 807 миңге жеткен. Берилген чакан насыялардын 63 пайызы калктын күнүмдүк же башка керектөө муктаждыктарына жумшалган.
Бул көрсөткүчтөргө көңүл бурсак, насыялардын олуттуу бөлүгү өндүрүштү өнүктүрүүгө, жаңы иш орундарын түзүүгө же киреше алып келе турган ишкер долбоорлорго эмес, күнүмдүк керектөөлөргө гана багытталууда. Мунун өзү олуттуу экономикалык жана социалдык көйгөйдүн белгиси.
Экономикалык жактан алганда, чакан жана орто ишкердик үчүн берилчү насыялар өндүрүштү кеңейтүүгө, жаңы киреше булактарын түзүүгө жана ишкердикти андан ары өнүктүрүүгө жумшалганда, экономикалык натыйжасы бир топ жакшы болмок. Ал эми күнүмдүк керектөөлөрдү жабуу үчүн алынган карыз үй-бүлөлөрдүн болочоктогу кирешесинин бир бөлүгүн алдын ала эле чыгымдоого алып келери анык. Башкача айтканда, бүгүнкү керектөө эртеңки кирешеден каржыланат. Финансылык сабаттуулук боюнча адистер карыз көйгөйү ошондон пайда болорун айтышат.
Каржы эксперти Алмаз Билимбаев бул көрүнүш узакка созулса, үй-бүлөлөрдүн финансылык туруктуулугу начарлап, карыздан карызга жашоо кадимки адатка айланышы мүмкүн дейт.
"Насыяга жашоону адатка айлантып алуу абдан коркунучтуу өнөкөт экенин жарандарыбызга байма-бай айтып турушубуз абзел. Анткени мында жаран насыясын төлөөгө жөндөмдүү абалда болсо деле, карыздын эсебинен жашап, болочоктогу кирешелерин жеп жатканын түшүнүшү керек", — деди ал.
Насыялар мүмкүнчүлүкпү же тузакпы?
Кант шаарынын тургуну Элмира Чотонованын президент менен жолугушуу учурунда айткан окуясы көйгөйдүн канчалык оор кесепеттерге алып келерин көрсөтүп турат. Анын айтымында, банктан алган 200 миң сомдук насыянын айынан үйүнөн ажырап калган. Ал 440 миң сом насыя алып, 420 миң сомун төлөгөнүнө карабастан, пайыздык төлөмдөр өсүп, насыяны ай сайын төлөй албай калып, улам чогулуп кеткен карызынын айынан күрөөгө койгон мүлкүн сактап кала алган эмес.
Бул жерде бир нече маанилүү жагдай бар. Биринчиден, насыя алуучулардын көбү насыялык келишимдин финансылык шарттарын, натыйжалуу пайыздык ченди, кошумча төлөмдөрдү жана мөөнөтү өтүп кеткен учурда жаралуучу оор санкциялык кесепеттерди толук түшүнө беришпейт.
Экинчиден, банк же микрофинансылык уюм үчүн насыя киреше алып келүүчү финансылык инструмент. Ал эми жаран үчүн белгилүү мөөнөт ичинде кайтарууга милдеттүү болгон карыз.
Үчүнчүдөн, насыя берүүдө кардардын төлөө жөндөмдүүлүгүн баалоо маселеси өзгөчө маанилүү. Эгерде адамдын туруктуу кирешеси карызды жана пайыздарды төлөөгө жетишсиз болсо, анда ага насыя берүү анын финансылык абалын андан ары оорлотушу мүмкүн.
Банк секторунун өкүлдөрү да жарандарды насыя алууда этият болууга чакырып келишет. Калктын кирешеси керектөөлөрүн толук канааттандыра албай жаткан шартта насыяга болгон суроо-талап өсүүдө. Ошол эле учурда насыялык жарнамалардын кеңири жайылышы да жарандарды карыз алууга азгырып, түртүп жатканы белгилүү.
Чынында, бүгүн кымбат смартфон, тиричилик техникасы, саякат, курулушка жана башка керектөөлөр үчүн насыя сунуштары бардык жерде кездешет. Бирок мындай жарнамаларда карыздын жалпы наркы жана аны төлөөнүн узак мөөнөттүү кесепеттери кардарга дайыма эле ачык түшүндүрүлбөйт. Ошондуктан финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жоопкерчилиги да жарандардын жалпы финансылык сабаттуулугу сыяктуу эле маанилүү.
Мамлекеттин экономикалык саясатынын натыйжалуулугу экономикалык өсүштүн жалпы көрсөткүчтөрү менен гана эмес, ошол өсүш жөнөкөй жарандардын жашоо деңгээлине канчалык таасир берип жатканы менен да өлчөнүшү керек. Эгерде өлкөдө экономикалык өсүш болуп жатса, бирок карапайым калк күнүмдүк керектөөлөрүн камсыз кылуу үчүн улам көбүрөөк насыя алууга аргасыз болсо, анда мындай өсүштүн социалдык натыйжасы көрүнбөйт.
Адистер калктын финансылык сабатсыздыгын жоюп, кирешеси менен чыгашасын пландап, акчаны керектөөгө гана эмес, киреше алып келчү активдерге багыттоону үйрөнүшү керек дешет. Финансылык сабаттуулук ар бир үй-бүлөнүн экономикалык туруктуулугунун негиздеринин бири. Каржылык сабаттуулук кирешеси жетиштүү, тандоо мүмкүнчүлүгү бар адам үчүн натыйжалуу курал. Ал эми айлыгы күнүмдүк тамак-ашка, коммуналдык тейлөө төлөмдөрүнө жана балдарынын керектөөлөрүнө араң жеткен үй-бүлөгө акчаны туура бөлүштүрүүнү үйрөтүү аркылуу көйгөйдү чечүү мүмкүн эмес.
Ошондуктан финансылык сабаттуулукту жогорулатуу саясаты калктын кирешесин көбөйтүү, жумуш орундарын түзүү жана социалдык коргоо механизмдерин күчөтүү аркылуу коштолууга тийиш.
Мындан тышкары, банктык жана микрокредиттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ачык-айкындыгын камсыздоо зарыл. Насыянын жарнамасында көрсөтүлгөн пайыздык чен менен кардар иш жүзүндө төлөй турган жалпы сумманын ортосунда айырма болбошу керек. Жаран насыя келишимине кол коюудан мурда канча акча аларын, канча акча кайтарарын жана төлөй албай калган учурда кандай укуктук кесепеттер жараларын алдын ала так билиши зарыл.
Насыялык саясатты жөнгө салуу
Кыргызстанда микрофинансылык уюмдардын жана алардын филиалдарынын көптүгү калкка финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздайт. Бирок насыянын жеткиликтүүлүгү дайым эле анын коопсуз жана пайдалуу экенин билдирбейт.
Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2025-жылы микрокредиттик уюмдар тарабынан берилген насыялардын жалпы көлөмү 86 миллиард сомду түзүп, карыз алуучулардын саны 1 миллион 685,6 миң адамга жеткен. Көрсөткүчтөр өлкөдө насыялык мамилелердин канчалык кеңири жайылганын айгинелейт.
Мындай шартта мамлекет төмөнкү багыттарга өзгөчө көңүл бурушу зарыл:
- Насыя берүү тармагындагы көзөмөлдү күчөтүү. Банктар жана микрофинансылык уюмдар кардардын реалдуу кирешесин, төлөө жөндөмүн жана карыздары бар экенин эске алууга тийиш.
- Насыянын толук наркынын ачыктыгын камсыз кылуу. Жарнамада көрсөтүлгөн пайыздык ченден тышкары бардык кошумча комиссиялар, кошумча төлөмдөр жана жалпы кайтарылуучу сумма ачык көрсөтүлүшү керек.
- Социалдык багыттагы жеңилдетилген насыяларды өнүктүрүү. Турак жайды оңдоо, энергияны үнөмдөөчү технологияларды орнотуу жана айыл жерлериндеги турак жай шарттарын жакшыртуу үчүн узак мөөнөттүү, жеткиликтүү финансылык механизмдерди караштыруу.
- Калктын кирешесин жогорулатуу. Туруктуу жумуш орундарын түзүү, чакан жана орто бизнести колдоо, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу — насыяга болгон аргасыз муктаждыкты азайтуунун негизги жолдору.
- Финансылык сабаттуулукту мектептен баштап үйрөтүү. Жарандар насыянын пайызын эсептөөнү, үй-бүлөлүк бюджетти түзүүнү, карыз тобокелдиктерин баалоону жана финансылык алдамчылыктан сактанууну билиши керек.
Элге насыя албоо эмес, насыясыз жашоо мүмкүнчүлүгүн түзүү
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда насыя маселеси жеке адамдардын гана финансылык көйгөйү болбой калды. Ал калктын жашоо деңгээлине, экономикалык туруктуулукка жана коомдун социалдык абалына түздөн-түз байланыштуу олуттуу маселеге айланып баратат.
Президенттин жарандарды насыя алууда этият болууга чакырышы туура. Бирок мамлекеттин милдети жарандарга карыз албоону эскертүү менен гана чектелбеши керек. Эң негизгиси адамдар насыя албай эле жашоосун жакшырта ала турган экономикалык шарттарды түзүү. Эгерде жаран өзүнүн эмгек акысы менен үй-бүлөсүн камсыздап, балдарын окутуп, турак жайын оңдоп, келечеги үчүн каражат топтой алса, анда ал жогорку пайыздык насыяга муктаж болбойт.
Ошондуктан бүгүнкү күндө мамлекеттин негизги милдеттеринин бири экономикалык өсүштүн натыйжасын карапайым эл жон териси менен сезе тургандай көрсөтүү, эмгек акы менен пенсиянын өлчөмүн, сатып алуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана финансылык системанын жоопкерчилигин күчөтүү.
Анткени экономикалык жактан туруктуу коом насыяны көп алган коом эмес, өзүнүн кирешесине таянып, карызга батпай жашай алган коом. Калктын бакубаттуулугунун көрсөткүчү анын канча насыя алганы менен эмес, насыясыз канчалык деңгээлде татыктуу жашай алганы менен өлчөнүшү абзел.