Нарынга 9,4 млрд сомдук долбоор: Адылбек Касымалиев облустагы өзгөрүүлөрдү атады

Министрлер кабинети 01 Февраль 2026 12:02
697dc1bdaa76d-thumb.jpeg
697dc1be16d4c-thumb.jpeg
697dc1beb7fad-thumb.jpeg
697dc1bf48102-thumb.jpeg
697dc1bf78950-thumb.jpeg
697dc1bfd2544-thumb.jpeg
697dc1c1bc192-thumb.jpeg
697dc1c1d3e93-thumb.jpeg
697dc1c02c58b-thumb.jpeg
697dc1c2a24f4-thumb.jpeg
697dc1c2a437d-thumb.jpeg
697dc1c4aa109-thumb.jpeg
697dc1c08b089-thumb.jpeg
697dc1c10c877-thumb.jpeg
697dc1c11c86d-thumb.jpeg
697dc1c24ee6a-thumb.jpeg
697dc1c30c187-thumb.jpeg
697dc1c40abf5-thumb.jpeg
697dc1c50ab6e-thumb.jpeg
697dc1c171eeb-thumb.jpeg
697dc1c385ae1-thumb.jpeg
697dc1c452a48-thumb.jpeg
697dc1c0525c5-thumb.jpeg
697dc1c591fa3-thumb.jpeg
697dc1c20439f-thumb.jpeg
697dc1c49996d-thumb.jpeg
697dc1c58171f-thumb.jpeg
697dc1c378570-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
697dc1bdaa76d-thumb.jpeg
697dc1be16d4c-thumb.jpeg
697dc1beb7fad-thumb.jpeg
697dc1bf48102-thumb.jpeg
697dc1bf78950-thumb.jpeg
697dc1bfd2544-thumb.jpeg
697dc1c1bc192-thumb.jpeg
697dc1c1d3e93-thumb.jpeg
697dc1c02c58b-thumb.jpeg
697dc1c2a24f4-thumb.jpeg
697dc1c2a437d-thumb.jpeg
697dc1c4aa109-thumb.jpeg
697dc1c08b089-thumb.jpeg
697dc1c10c877-thumb.jpeg
697dc1c11c86d-thumb.jpeg
697dc1c24ee6a-thumb.jpeg
697dc1c30c187-thumb.jpeg
697dc1c40abf5-thumb.jpeg
697dc1c50ab6e-thumb.jpeg
697dc1c171eeb-thumb.jpeg
697dc1c385ae1-thumb.jpeg
697dc1c452a48-thumb.jpeg
697dc1c0525c5-thumb.jpeg
697dc1c591fa3-thumb.jpeg
697dc1c20439f-thumb.jpeg
697dc1c49996d-thumb.jpeg
697dc1c58171f-thumb.jpeg
697dc1c378570-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 01.02.26 /Кабар/. “2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасына ылайык "Камбар-Ата–1 ГЭСи", "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу" сыяктуу ири долбоорлор ишке ашат. Бүт аймактар өзгөрөт. Дал ушундай масштабдуу өзгөрүүлөрдө кымындай да коррупцияга алдырбоо, калыстыктан тайбоо, ишти иликтөөдө салкын кандуулук жана акыйкаттуулук менен иш алып баруу – мамлекеттин аброюн көтөрүп, элдин бийликке болгон ишенимин бекемдейт. Бул багытта прокуратура президенттин чоң жардамчысы болууга тийиш” – деди  министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Нарын облустук прокуратурасынын жаңы имаратынын ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө. 

Министрлер кабинетинин төрагасы 2020-жылдагы өлкөнүн акыбалы менен азыркы өзгөрүүлөрдүн асман менен жердей айырмасы бар экенин айтып,  алдыдагы беш жылда дагы ири иштер жасалаарын анда прокуратура органдарынын ак ниет иштөөсүнүн маанисин таасын белгиледи. 

“Президент кыялыбыздагы жаңы Кыргызстанды курабыз деп жатат. Мындай учурда биз баарыбыз өзгөрүшүбүз керек! Айрыкча  мамлекеттен айлык алган мугалимден тартып прокурорлорго чейин – баары өзгөрүшү керек”, - деди ал. 

Адылбек Касымалиев мамлекет прокуратура органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, кызматкерлер үчүн жакшы шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын белгилеп,  Нарын облустук прокуратурасынын жаңы имаратын салууга республикалык бюджеттен 85,5 млн сом каражат бөлүнгөнүн, жаңы имаратта түзүлгөн шарттар санариптик чечимдерди кеңири колдонууга, иш кагаздарын жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, жарандар менен иштеген ишти жеңилдетүүгө мүмкүндүк берерин кошумчалады. 

Ал өз сөзүндө жалпы эле Нарында жасалып жаткан өзгөрүүлөргө өзүнчө токтолуп, облус боюнча  президенттин көзөмөлүндө турган 9,4 млрд сомдук инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып жатканын билдирди. 

Белгилей кетсек, Нарын облустук прокуратурасынын жаңы имараты менен кошо, минкаб башчысы Нарын райондук прокуратурасынын жаңы салынган имаратын дагы ачты.