Нарындагы күйгөн сууга келген туристтер көбөйдү

Аймак Загрузка... 14 Январь 2026 10:14
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Кайыр Жайлообекова

Бардык материалдар

Кочкор районунун Ара-Көл айылында уникалдуу жаратылыш булагы бар. Ага көптөрдүн көзү түшүп, миңдеген туристтер суктанып келет. Суу кадимкидей эле жердин алдынан түтүк аркылуу чыгат. Булакка ширеңке чакканда от жалындап күйөт. Бул көрүнүштү жергиликтүүлөр суунун курамында күкүрт бар деп түшүндүрүшөт.

Суу ашказан, тери ооруларына даба экени айтылып келет. Оргуштап чыккан сууга от коюп чай кайнатып, тамак бышырса да болот. Күйгөн сууга жумуртка кууруп, чай кайнатуу меймандос айылдыктар үчүн көнүмүш адат болуп калган. Четтен конок келди дегиче, ара-көлдүктөрдүн чайнек суусу, жалпак казаны даяр.

Назира Кожомкулова, Кочкор районунун Ара-Көл айылынын тургуну:

“Бул күйгөн сууга жумуртка бышырып, чай кайнатсак болот. Мисалы жумуртка 5 мүнөттө бышат. Ал эми бир чайнек чай 20 мүнөттө кайнайт. Күйгөн сууга чет жактан көп келишет. Казакстан, Франция, Германиядан коноктор болгон. Көбүнесе Кыргызстандын тегерек-чекесинен көп келишет. Конокторго биз жумуртка бышырып, чай кайнатып көргөзүп беребиз”, - дейт ал.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, суунун тарыхы 1986-жылга барып такалат. Ошол кездеги бийлик элди таза суу менен камсыз кылуу максатында кудук казганда 320 метр тереңдиктен суу чыккан. Бирок ичкенге жараксыз болуп калган. 40 жылдан бери суу күнү-түнү токтобой агат. Туристтер көп келгени менен, эч кандай шарт жок. Башканы кой, даараткана да салынган эмес.

Күйгөн сууга мындан бир нече ай мурда эле көңүл бурула баштады. Жакынкы күндөрү анын айланасында курулуш иштери башталып, ден соолукту чыңдоо борбору курулганы турат. Уникалдуу булак 49 жылга ижарага берилиптир.

Рахат Ниязов, Кочкор районунун Ара-Көл айылынын тургуну:

“Бул суудан мал деле иче берет. Адамдар дагы дарычылыкка колдонушат. Кээ бир алыстан келген эс алуучулар атайын бөтөлкөгө куйуп алып кетишет. Бирок суу ушул жерден дарычылык касиетке ээ. Бөтөлкөгө куйгуча эле газы чыгып, касиетин жоготуп коёт”, - деди ал.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, саламаттыкты чыңдоо борбору курулса, миңдеген адамдар дартына даба таба алат. Себеби, бул жакка келип, суунун даамын татып, оорусунан арылгандар бар экени айтылууда. Дарычылык касиетинен тышкары, күйгөн суу аймактагы туризмди өнүктүрүүгө дагы себечи боло алат.