Нарын облусунун жаңы башчысына аймакты өнүктүрүүнү тездетүү тапшырылды

Министрлер кабинети 30 Июнь 2025 09:53
686178a815785.jpg
686178a81f398.jpg
686178a7e3d34.jpg
Алдыга
Артка
686178a815785.jpg
686178a81f398.jpg
686178a7e3d34.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 30.06.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Нарын облусунун жетекчилигине президенттин жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаровду тааныштырды.

Эдил Байсалов жаңы ыйгарым укуктуу өкүлдүн алдында турган негизги милдеттерди белгиледи.

Артыкчылыктардын ичинен облуска инвестиция тартуу, жаңы жумуш орундарын түзүү, инфраструктураны өнүктүрүү жана модернизациялоо, ошондой эле Нарын облусунун туруктуу социалдык-экономикалык өсүшүн камсыз кылуу маселелерин баса белгиледи.

Ал Нурбек Сатаровго коюлган милдеттерди ишке ашырууда ийгиликтерди каалап, анын кесипкөйлүгүнө ишенерин билдирди.