Нарын облусунда жер силкинди

Кырсык Жүктөлүүдө... 23 Июль 2026 09:35
724189145_3875558265920677_4751611891168115216_n (1).jpg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. Нарын облусунда 22-июлда саат 20:48де жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 3 баллды түзгөн.

Жер титирөөнүн очогу Оттук айылынан түндүккө карай 7 чакырым, Жергетал айылынан түндүк-чыгышка карай 15 чакырым, Нарын шаарынан түндүк-батышка карай 35 чакырым жана Бөкөнбаев айылынан түштүк-батышка карай 110 чакырым аралыкта жайгашкан.

Ал эми калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү Оттук айылында болжол менен 3 баллга, Жергетал айылында 2 баллга чейин сезилген.