Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Нарын облусунда 14:00гө карата шайлоочулардын 55 миң 300ү добуш берди. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, облуста жалпы 2 шайлоо округу түзүлгөн. №30 шайлоо округу жана №29 шайлоо округу. Мындан сырткары, аралыктан добуш берүү үчүн 1 шайлоо участогу ачылган.
Бардык шайлоо участкалары тиешелүү жабдыктар менен жабдылган.
№30 шайлоо округунда шайлоочулардын саны 20 миң 919 – 15,3 пайызы, ал эми №29 шайлоо округунда 17миң 960 - 13 пайызды түздү.
Жалпы облус боюнча 221 миң шайлоочу бар.