Мырзанын кесибин аркалаган айымдар - алтын ылгоочу фабриканын кызматкери менен маек

Маек Загрузка... 06 Март 2025 16:56
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Каармандын өздүк архивинен

8-март Аялдардын Эл аралык күнүн утурлай “Кабар” маалымат агенттиги мырзалардын кесибин мыкты аркалап келген ийгиликтүү айым менен баарлашты. Алардын бири Айчолпон Макенова, “Кумтөр” кениндеги алтынды бөлүп чыгаруучу фабрикада эксплуатациялоо жана оңдоону уюштуруу боюнча инженер.

- Эмне үчүн ушул кесипти тандап алдыңыз?

- 2019-жылдын июль айында дипломумду жактагандан кийин дароо эле “Кумтөр Голд Компани” мамлекеттик ишканасына эки жылдык стажировкага чакыруу алдым. Ал учурда дипломду колума ала элек болчумун.

И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде окуп жүргөндө эң мыкты студенттердин бири болуп, президенттик стипендияны алып, бир нече жолу DAAD стипендиясын алып, университеттин жашоосуна активдүү катыштым. Ал кезде келечегим кандай болорун так билген эмесмин.

Германияда магистратурага тапшыруу мүмкүнчүлүгүн олуттуу карадым.

Бирок Кумтөрдөгү маектешүүдөн кийин алтынды бөлүп чыгаруучу фабриканын техникалык тейлөө бөлүмүнө стажировкадан өтүүнү сунушташты. Бул мен үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болду. Себеби, университетти аяктагандан кийин эле мен өлкөдөгү эң ири ишканага кире алмакмын.

Менин шык-жөндөмүм жана окууга болгон ынтызарлыгым тез эле байкалып, көп өтпөй эле мени заводдун пландуу тейлөө бөлүмүнө инженердик кызматка сунушташты.

- Жумушта кандай кыйынчылыктар кездешет?

- Шахтада иштөөнүн жакшы жагы да жана жаман жагы да бар. Албетте, оор. Үйдөн алыс болуу, кичинекей бөлмөлөрдө жашоо, бийик тоолуу шарттарда иштөө жеңил эмес. Бирок бул өндүрүш процесстеринин чордонунда болуу, технология менен өз ара аракеттенүү жана өздөштүрүү, мүмкүн болбогон инженердик маселелерди чечүү ал кыйынчылыктарды унутта калтырат.

Үч жыл бою мен татаал техникалык чечимдерди иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катыштым.

Түздөн-түз өндүрүштө иштебегендерге мындай тажрыйба жөн эле берилбейт. Мага жаңы билимди өздөштүрүү, татаал документтерди түшүнүү, басым астында иштөө жана дүйнөнүн алдыңкы жабдууларды өндүрүүчүлөрү менен кызматташууга туура келди.

Бул жаатта мени ар дайым колдоп, туура жол көрсөткөн жетекчилериме абдан ыраазымын. Алардын кеп-кеңештери жана ишеними менин профессионалдык өнүгүүмдө чоң роль ойноду.

- Бул кичинекей кезден кыялданган кесибиңизби?

- Менин кыялдарым ар түрдүү болчу. Бирок учурдагы натыйжасы мен кыялданган жашоого абдан жакын болду. Мен И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин “Машина куруунун технологиясы” адистигин бүтүргөм. Тандоо оңой болгон жок. Мектепте окуп жүргөндө эле инженер болгум келерин билчүмүн. Рынокту изилдеп көрүп, Кыргызстанда бул тармак боюнча адистер өтө аз экенин байкадым.

Ата-энем мени башка кесип тандоого көндүрүүгө аракет кылышты. Анткени, ата-эне да кызга кыйын болуп калат, жумуш таппай калат деп чоочулашкан. Мен экономика, бизнес же IT сыяктуу популярдуу тармактарга кызыккан жокмун. Математиканы жакшы өздөштүргөңдүктөн ушул жаатта иштейин деп чечтим. Изилдөөнүн аркасында машина курууда атаандаштык аз экенин түшүндүм. Демек жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү көбүрөөк.

Университеттин базасындагы Кыргыз-Герман техникалык институтун тандадым. Германия машина куруу боюнча дүйнөлүк лидер экенин баарыбыз билебиз, ал жакта окуу перспективасы да жакшы. Жаңылган жокмун, мотивациянын жана өжөрлүктүн аркасында мен стипендия алдым, биринчи курстан кийин BMW, Mercedes-Benz жана Siemens заводдорунда болдум.

- Эркектер менен тең тайлашып иштөө оорчулук жаратабы?

- Жок. Университетте окуп жүргөндө мен эркектер тобунда окугам. Мүнөздөн көп нерсе көз каранды, кыйынчылыктардан коркпойм, наалыбайм, кээде башкаларга кантип иштөө керектигин көрсөтөм. Инженерияда аялдын акыл-эсинин өзүнүн артыкчылыктары бар, биз майда-чүйдөсүнө чейин кунт коюп, ар кандай милдеттерге жана татаалдыктарга тез көнүп, татаал маселелерди натыйжалуу талдайбыз.

Биздин “Пландоо жана инженерия” бөлүмүн эң жогорку деңгээлдеги профессионал гана эмес, фабриканын өнүгүүсүн калыптандыруучу мыкты аял башкарат. Окшош кызматтарда иштеген эркектер аны сыйлашат, бирок ага тең келе алышпайт. Көз алдында мындай мисал бардык коркунучтарды жок кылат. Бир гана максатка жетүү гана калат.

- Карьера жана үй-бүлөнү айкалыштырууга болобу?

- Албетте. Жумуш менен жеке жашоонун балансын табуу маанилүү. Бул жаатта да менин жолум болду. Мен кесиптешиме турмушка чыктым. Экөөбүз бир университетте окуп, чогуу практикадан өтүп, профессионалдык жактан чогуу өстүк. Көз караштарыбыз, кыялдарыбыз, амбицияларыбыз бир. Кандай гана жагдай болбосун бири-бирибизди колдойбуз.

Биз бирге өсөбүз - бул үй-бүлөдө жана карьерада ийгиликке жетүүнүн эң мыкты формуласы.