Мыкты бүтүрүүчү Элмырза Канатбеков климатолог болууну кыялданат

Билим Загрузка... 21 Июль 2026 14:45
WhatsApp Image 2026-07-21 at 14.37.10.jpeg
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 21.07.26 /Кабар/. Бишкек шаарындагы №61 мектептин бүтүрүүчүсү Элмырза Канатбеков быйылкы Жалпы республикалык тестирлөөдөн 231 балл топтоп, эң жогорку көрсөткүчкө жетишкен бүтүрүүчүлөрдүн катарына кирди.

Анын айтымында, ЖРТга даярдыкты өткөн жылдын декабрь айында баштаган. Алты ай бою атайын даярдоо курстарына катышып, мындан тышкары үйдөн өз алдынча да үзгүлтүксүз окуган. Жумасына орточо 3–4 саатын тестирлөөгө даярданууга арнаган.

“Мен үчүн эң татаал бөлүм орус тили болду. Андагы эрежелердин көптүгү жана татаалдыгы көбүрөк күч жумшоону талап кылды. Ошол эле маалда жакшы балл аларыма ишеним да болду. Ошондуктан бардык бүтүрүүчүлөргө айтарым — өзүңөргө гана ишенип, талыкпай эмгектениңиздер. Ийгиликти кокустукка эмес, өз аракетиңерге таянып күткүлө”, - дейт ал.

Элмырза учурда Борбор Азиядагы Америка университетине (АУЦА) тапшырып, экологиялык туруктуулук жана климатология факультетине кабыл алынганын билдирди. Ал бул багытта төрт жыл билим алып, андан кийин магистратурада окуусун улантууну көздөйт.

“Келечекте Кыргызстанда калып, экология тармагында иштеп, өлкөнүн айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүгүү багытына өз салымымды кошкум келет”, - деп кошумчалады бүтүрүүчү.