Мыйзамсыз ташылып келген 21 тонна тоок эти өлкөгө киргизилген жок

Экономика 1212 06 Март 2025 10:41
nazarnews_142766569119284826496369760827119292174.jpg
c1a91a84-38e0-410e-8d9e-cc2b5e79be9e.jpeg
990a4ccb-d688-48ff-ad49-8a5e059ae97e.jpeg
400d8058-ebd2-4f95-82ca-afe284dd03ac.jpeg
Алдыга
Артка
nazarnews_142766569119284826496369760827119292174.jpg
c1a91a84-38e0-410e-8d9e-cc2b5e79be9e.jpeg
990a4ccb-d688-48ff-ad49-8a5e059ae97e.jpeg
400d8058-ebd2-4f95-82ca-afe284dd03ac.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 06.03.25. /Кабар/. Россиядан мыйзамсыз ташылып келген 21 тонна тоок эти Кыргызстанга киргизилген жок. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Талас облусундагы "Чоң-Капка" көзөмөл-өткөрүү пунктунун "Чоң-Капка" чек ара ветеринардык постунун инспекторлору тарабынан Россиядан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келген 21 миң кг тоок этине текшерүү жүргүзүшөн. Анын жыйынтыгында ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптардын бузулганы аныкталган.

Натыйжада тиешелүү акт түзүлүп, жүк "Чоң-Капка" өткөрүү пункту аркылуу Россияга кайра артка кайтарылды.