Бишкек, 01.04.25. /Кабар/. Мьянмадагы зилзалада көз жумгандардын саны 2719га жетти. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Маалыматка караганда, жер титирөөдө 2719 киши каза таап, дагы 4521 адам жаракат алды. 441 адам дайынсыз жоголду.
Каза болгондордун саны издөө-куткаруу иштеринен кийин 3 миңге чейин жетери айтылууда.
Белгилей кетсек, күчү 7,7 баллга жеткен жердин силкинүүсү Мьянмада катталган. Жер титирөө Мьянмага жакын жайгашкан өлкөлөрдө: Бангладеш, Индия, Таиланд, Лаос жана Кытайда да сезилген.