Мьянмада жети кыргызстандык кулчулукка кабылган – депутат

Коом Загрузка... 14 Апрель 2025 12:50
1047347345_0_66_290.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 14.04.25. /Кабар/. Мьянмада жети кыргызстандык кулчулукка кабылган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Чыңгыз Ажыбаев билдирди.

"Социалдык тармактардан 7 кыргызстандык Мьянмада кулчулукка кабылгандыгы тууралуу маалымат окудум. Алар Кыргызстанга жөнөтүлгөн деп жатышат. Сизде маалымат барбы? Бул маселени иликтеп, бизге маалымат берүүнү суранам", - деди Ажыбаев.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Ализа Солтонкулова аларда мындай маалымат аларда жок экенин билдирди.

Депутат департаменттен жана президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлүнөн аталган жарандар тууралуу маалымат берүүнү суранды.

Ошондой эле ал Кыргызстанда чет өлкөдө жумушка орноштуруу боюнча канча агенттик бар экенин жана мыйзамсыз агенттиктер тарабынан канча жаран жапа чеккендиги тууралуу маалыматты дагы берүүнү суранды.