Мьянмадагы зилзаладан каза болгондордун саны 1600дөн ашты

Дүйнө Загрузка... 31 Март 2025 10:00
WhatsApp Image 2025-03-31 at 09.53.28.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 31.03.25. /Кабар/. Мьянмадагы катуу жер титирөөдөн кеминде 1 миң 644 адам каза болуп, 3 миң 408 киши жаракат алды. Бул тууралуу ТАСС кабарлады.

Маалыматка караганда, дагы 139 адам дайынсыз болууда. Урандыларды тазалоо иштери жүрүп жаткандыктан каза болгондордун жана жабыркагандардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн.

Эске салсак, 28-март күнү АКШнын Геологиялык кызматы Мьянманын борбордук бөлүгүндө күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болгонун билдирген.

Биринчи жер титирөө Мьянманын Сагаинг шаарынан түндүк-түштүккө карай 16 чакырым аралыкта болгон.

Экинчи катуу жер титирөөнүн күчү 6,4 баллга жетип, Мандалай шаарында биринчи титирөөдөн 12 мүнөттөн кийин болгон.

Учурда Мандалай жана Мьянма шаарларында адамдар урандылардын астынан чыгарылып, издөө-куткаруу иштери уланууда.