Кыргыз-кытай чек арасында жер титиреди

Коом 16 февраль 2026 15:42
Кыргыз-кытай чек арасында жер титиреди

Бишкек, 16.02.26. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстан менен Кытайдын чектешкен аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун алдын ала маалыматына таянып билдирди.

Ага ылайык, жердин силкинүүсү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Бедел айылында 3 баллга чейин сезилген.

Учурда Сейсмология институту тарабынан тактоо иштери жүрүп жатат.