Музейге байланган өмүр. Жашоомдун көбү музей менен өтүптүр — Жамангулова

Маданият Загрузка... 24 Октябрь 2025 17:44
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Музейлер — жөн гана экспонаттардын топтому эмес, адамдын руханий дүйнөсүн байыткан, билимге жана тарыхты терең түшүнүүгө жол ачкан уникалдуу жайлар. Алар коомдун маданий жана илимий мурасын сактап, келечек муундарга жеткирүү менен өлкөнүн аң-сезиминде да өзгөчө орун ээлейт.

“Кабар” агенттигине музей ишине бүт өмүрүн арнаган ардагер кызматкер Зухра Жамангулова бул багыттагы эмгеги, тажрыйбасы жана музейлердин агартуучулук милдети жөнүндө айтып берди.

Музейге байланган өмүр

1969-жылы жогорку окуу жайдын тарых факультетин аяктап, эмгек жолумду Михаил Фрунзе атындагы мемориалдык музейден баштагам. Ал жерде жыйырма жылдай иштеп, кийин 1990-жылдардын башынан 2006-жылдарга чейин Улуттук тарых музейинде эмгектендим.

Аркама кылчайып карасам, өмүрүмдүн көп бөлүгү музей менен тыгыз байланышта өтүптүр. Алгач ишке орношкон жылдар Советтер Союзунун дооруна туш келип, коомдук турмуш жана идеология толугу менен советтик система менен байланыштуу болчу. Ал кезде Ленин музейи курула элек эле. Фрунзе музейи идеологиялык борбор катары өзгөчө мааниге ээ болуп, иш кагаздары, пландар, отчеттор — баары ошол талаптарга ылайык жүргүзүлчү.

Коомдо орус тили үстөмдүк кылып турган кез. Музейге жумушка кабыл алуу да өзгөчө тартип менен жүргүзүлүп, лекция бөлүгүн ийгиликтүү өтүп, эки жолу экскурсия тапшырмасын аткаргандан кийин гана жумушка кабыл алынгам. Туристтик поезддер аркылуу СССРдин бардык тарабынан туристтер келип, музейде баарыбыз экскурсия өткөрчүбүз.

Музей — бул адамдын жана коомдун аң-сезиминде агартуучулук милдетти аткарат экен. Мен иштей баштаганда илимий-агартуу багыты али калыптана элек болчу. Кыргыз тилин жакшы билгендигим үчүн лекция окуучу топко кошуп, өлкөнүн бардык аймактарына жөнөтүп жатышты. Кыргызстанды бүт кыдырып чыктым. Эмгегим бааланып, анын аркасы менен сыйлыктарга татыдым.

Кайра куруу доорундагы музей

Кийин кайра куруу доору башталганда Тарых музейине которулдум. Ал жерде илимий катчы, андан соң директордун илимий иштер боюнча орун басары болуп иштедим. Эмгек жамаат, окумуштуулардан турган топ менен биргеликте жаңы экспозициянын концепциясын иштеп чыктык. Анткени мурдагы экспозиция Москвадан даярдалып келген, Лениндин идеологиялык багытына ылайык түзүлгөн эле.

Ошол жылдары ат жабдыктарынын, кыргыз жазма куралдарынын, салттык кийимдердин жана этнографиялык буюмдардын коллекциялары түзүлүп, музей мезгилдик көргөзмөлөр менен иштеп турду. Ошондой эле кийин саясий туруксуздук мезгили келип, элдин кызыгуусу азайып, жылына болгону 20 миңдей гана адам келген учурлар болду.

Убакыт өтүп, музейге кайра көңүл бурула баштаганда мен пенсияга чыктым. Бирок андан кийинки өзгөрүүлөр кубандырат — музей азыр таптакыр жаңы деңгээлге көтөрүлдү.

Музей — руханий бийиктиктин күзгүсү

Тарых музейи Борбор Азиядагы эң уникалдуу музейлердин бири. Анда эң байыркы доорлордон бүгүнкү күнгө чейинки тарых чагылдырылган. Мисалы, анда батыш түрк каганаттары, түркештер, карлуктар, караханиддер сыяктуу элдерден, маданияттардан калган балбал таштар жана археологиялык эстеликтер сакталган. Бул — илим үчүн да баа жеткис кенч.

Октябрь революциясынан кийин да колониалдык саясат улангандыктан, биздин элдин тарыхы көпкө чейин жабык бойдон, ак барак боюнча калган. Бирок кийинчерээк биз ошол тарыхты документалдык, археологиялык жана материалдык экспонаттар аркылуу “музейлештирүү” ишин жүргүздүк.

Россиядагы музейлерден иш тажрыйба өтүп, ар кайсы маданияттардын, цивилизациялардын баалуулуктарын көрүп келдим. Ар бир маданияттын жеткен чегинин баары музейлерде экен. Жашоодогу рухий бир бийиктик менен өмүр бою иштедим. Ал менин дүйнө таанымымды өстүрдү. Музейлер — бул руханий бийиктиктин күзгүсү деп айтат элем. Азыр китеп окугандар азайган чакта да, музейге келип адам өз дүйнөсүн байыта алат. Анткени бул жерде элдин тарыхы, руханий жана маданий мурасы, айтор, адамдын калыптанышы үчүн керектүү болгон баардык нерсе бар.

Белгилей кетсек, быйыл өлкөдө алгачкы музейдин түптөлүшүнө 100 жыл толуп отурат. Бул маанилүү дата мамлекеттик деңгээлде белгиленип, анын алкагында ар кандай иш-чаралар уюштурулуп, октябрь айындагы мамлекеттик музейлерде ачык эшиктер айы (акысыз кирүү) уланууда.