Мунарбек Сейитбек уулу профессионалдык рингдеги алгачкы беттешинде жеңишке жетти

Спорт 21 Июль 2025 10:21
518342178_760270009679552_8099434386312889054_n.jpg
518382090_760270036346216_8588838105341822732_n.jpg
Алдыга
Артка
518342178_760270009679552_8099434386312889054_n.jpg
518382090_760270036346216_8588838105341822732_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 21.07.25. /Кабар/. Күн мурун кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу профессионалдык бокстогу алгачкы беттешин ийгиликтүү өткөрдү.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, беттеш Бишкек шаарында Япониянын SAIKOU LUSH промоутердик компаниясы тарабынан уюштурулган "Достук кечеси" аттуу бокс боюнча эл аралык иш-чаранын алкагында өттү.

Мунарбек Сейитбек уулунун атаандашы Угандадан келген мушкер Коннрад Серуенге болду. Беттештин жыйынтыгында калыстар бир добуштан жеңишти кыргызстандык мушкерге ыйгарды.

Белгилей кетсек, Мунарбек сейитбек уулу 2024-жылкы Париж Олимпиада оюндарынын күмүш жана дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси.