Мунай продуктулары менен камсыздоо. Өлкөдө баа түзүүгө көзөмөл күчөтүлөт

Министрлер кабинети Загрузка... 17 Октябрь 2025 17:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 17.10.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички базарын мунай продуктулары менен туруктуу камсыздоо маселелерине арналган кеңешме өткөрдү.  

Жыйындын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев министрлер кабинети калкты жана экономиканы күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо маселесин өзгөчө көзөмөлгө алып жатканын белгиледи.

Кеңешмеде күйүүчү-майлоочу май базарындагы учурдагы абал, жеткирүү көлөмү, алардын ички базардын керектөөлөрүнө шайкештиги боюнча маалымат берилди.

Отурумдун жыйынтыгында министрлер кабинетинин төрагасы баа түзүүгө көзөмөлдү күчөтүүгө жана стратегиялык резервдик кордун зарыл деңгээлин кармап турууга багытталган бир катар тапшырмаларды берди.