Бишкек, 01.12.25 /Кабар/. Кыргызстанда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо абдан жогорку деңгээлде уюштурулган. Бул тууралуу Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Мухтар Ерман билдирди.
Анын айтымында, шайлоо бардык жерде тынч жана уюшкандыкта өттү.
“Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү өз милдеттерин так жана жоопкерчилик менен аткарышты. Шайлоо тилкелери заманбап жабдыктар менен толук камсыз болгон. Мен мурда да Кыргызстанда шайлоо процессине байкоочу катары келгенмин, бул жолу мурунку шайлоолорго салыштырмалуу олуттуу өнүгүү байкалды”, — деди ал.
Ерман кошумчалагандай, Кыргызстан шайлоо мыйзамында каралган бардык талаптарды сактап, жаңы технологияларды ийгиликтүү колдонду.
“Добуш берүү процесси ачык-айкын, ырааттуу жана жарандардын активдүү катышуусунда өттү. Шайлоого катышкан тараптар да жогорку деңгээлде иш алып барышканын баса көрсөттү. Бул шайлоо — демократиялык принциптердин сакталышынын жана Кыргызстандын шайлоо системасындагы өсүштүн далили”,— деп жыйынтыктады Казакстандын БШК өкүлү.